16-октябрда Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Аны кыргыз тараптан КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик тараптан коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.
Анда, үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында кабыл алынган №44 протоколдун талаптарын толук аткаруу зарылдыгы баса белгиленди. Топографиялык жана жумушчу топторго ишти илгерилетүү багытында конкреттүү тапшырмалар белгиленди. Негизинен, чек араны тактоо жаатында жумуш ыргагы купулга толорлук болуп жаткандыгы эки тараптан тең белгиленди.
Белгилей кетсек, №44 – протоколго ылайык, мурда чек ара чатагына себеп болуп келген бардык талаштуу аймактар боюнча тараптар мунасага келе алышкан. Тажикстан отуз жылдан бери коюп келе жаткан доолорунан баш тарткан. Бул протокол чек ара талашына биротоло чекит коюу жаатындагы, эки тарапты тең канааттандырган документ болуп калгандыктан, аны коомчулук тарыхый чечим катары кабыл алууда.


















