Улуттук банк улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында нумизматикалык көргөзмө өткөрөт.
Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, көргөзмө 12-майдан тартып 31-май күндөрү аралыгында Улуттук тарых музейинде өтөт. Ачылыш азем саат 10:00дө болот.
Көргөзмөгө Кыргызстандын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхы, анын ичинде 1993-2017-жылдары чыгарылган банкноттордун үлгүлөрү, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 30 жыл мезгил аралыгында чыгарылган эстелик коллекциялык монеталары тууралуу эскпозициялар чыгарылат.
«Өз элинин тарыхына, акчанын келип чыгышы жөнүндө тарыхый маалыматтарга жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктарга кызыккан бардык адамдарды көргөзмөгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 1993-жылдын 10-майында Кыргызстандын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болгон улуттук валюта сом жүгүртүүгө киргизилген. Кыргыз сому менен рублдин катар колдонулушуна 5 күн – 1993-жылдын 10-майынан 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана уруксат берилген.
1993-жылдын 14-майында сом Кыргызстандын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп калган.
Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата Улуттук банк 10-майдан тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарды.