Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту ачылды.
Ачылыш аземге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган эки тараптын делегация мүчөлөрү катышты.
“Бедел” өткөрүү пункту жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылышы болду. Азыркы учурга карата, электр чубалгылары тартылган, өткөрүү пунктуна алып барган “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун 58 чакырымына убактылуу жол салынып, көпүрөлөр курулган.
Ал эми толук кандуу эл аралык стандарттарга ылайык, унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылга чейин эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат. Ошондой эле, эки жылдын ичинде “Цемент-Там” участогунда толук кандуу заманбап инспекциялык текшерүү комплексинин курулушу пландалууда.






















Discussion about this post