Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун 3-раундуна өтүп, ички рекордду жаратты. Азиядагы эң мыкты делген 18 кураманын ичине кирип, оюн жүргүзүп жатканы менен азырынча көңүл жубатаарлык жыйынтыктарды бере элек. Анткен менен эл аралык аренада өздүк практиканы жогорулатып, ички чемпионатта да алгалай баштады. Кыргыз курамасынын акыркы ийгиликтери менен кемчилдиктери жана өлкөнүн ички чемпионатындагы өзгөчөлүктөр тууралуу футбол жаатындагы серепчи Бексултан Нуркамил уулу менен маек уюштурдук.
-Бексултан мырза, саламатсызбы? Сиз футбол боюнча, айрыкча кыргыз футболу туурасында соцтармактарда көптөгөн пикирлерди жазып келесиз. Айтсаңыз, кыргыз футболу Дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарынын 3-раундунда чыгуусу менен деңгээли көтөрүлдү десек болобу? Же бул кокустук болуп калдыбы?
-Саламатчылык. Футбол боюнча улуттук курама Дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарынын 3-раундунда Азиядагы эң мыкты делген 18 курам менен жайгашып калышы жөн жерден эмес. Буга чейин кыргыз курамасы бул раундга өтө албай, кийинки этабдарга калып кетчү. Албетте, бул жөн жерден эле болуп калган жери жок. Кыргызстандын курамасынын курамынын 80 пайызынан көбүн жергиликтүү – премьер-лиганын оюнчулары түзөт. Ушул жааттан алып караганда ички чемпионат мурдагыга караганда кайсыл бир деңгээлде өнүгүп, айрым футболчулар чет өлкөнүн футболу менен таанышып, деңгээл жагынан жогору клубдарда ойноп калышты. Анан калса, бир нече жыл муруңкуга салыштырмалуу ички чемпионаттын деңгээли да жогорулап, анда ойногон клубдардын саны да өстү. Ошого окшогон кошумча факторлордун эсебинен, анан албетте, 1 жыл бою европалык адистин машыктыруучу болгону да бир аз таасирин берди. Ушул жана башка жагдайларды эске алып, кыргыз футболу жаңы этапка чыкты десем жаңылышпайм.
Албетте, бул да «кайсыл бир деңгээлде» деген сөздүн ичинде калып туруш керек. Анткени, биз толук түрдө жаңы этаптын критерийлеринин бардыгына жооп бере турган алкакка жете элекпиз. Ага качан жетебиз? Кыргыз футбол союзу жаш футболчулар үчүн европалык машыктыруучуларды тарта баштады. Мисал кыла турган болсом, жакында эле Кыргызстандын 14 жашка чейин балдар курамасы Казакстан, Өзбекстан өңдүү бизден футболу алдыда өлкөлөрдүн курамы менен тең ата болбосо да, мурдагы даражасынан жогору ойноп, экинчи орунду ээледи. Албетте, бул курактагы балдарды нидерландиялык адис таптап жатканын эске алсак, жаш футболчуларыбызга мурда жана кийин футболдун өнүккөн чордону болгон Европа футболунун маданиятынын, анын системасынын жардам бергени айкын көрүнүп турат.
Анан калса бир-эки жыл мурун «Барселона» клубунун академиясынын ачылышы, анда каталондук клубдун машыктыруучуларынын сабак бериши, биздин футболдун келечегинен көптү үмүттөндүрөт. Анан албетте, мамлекет тарабынан да футболго салынып жаткан миллиондогон инвестицияны, аны менен кошо аймактардагы стадиондордун инфраструктурасынын жакшыртылып жатышы, аймактагы стадиондордун ФИФАнын стандартына шайкеш оңдолуп жатышы да кыргыз футболунун келечеги бар экенин айгинелейт.
-Келечектеги футболдон чоң үмүт этип туралы. Бирок азыркы беттештер тууралуу айтсаңыз, дүйнөлүк мундиалга тандап алуу турларындагы “ак шумкарлардын” оюндары кандай жүрүп жатат деп ойлойсуз?
-Ооба, кыргыз курамасы “чу” дегенде эле тайпалык оюндарынын биринчи турун Азиянын дөө-шаа командаларынын бири – Иранга каршы конокто өткөрдү. Ошол учурда Ирандын башкы аренасы оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканбы, бирок албетте, андай шарттагы оюн талаасына ойноп көнүп калган «Ак шумкарларга» стадиондун абалы тоскоолдук жараткан жок. Бирок, Ирандай курамаларга, андагы классы жогору футболчуларга мындай шарттагы көк майсаңдын да таасирин тийгизип, эсеп 1:0 болду деп эсептейм. Эгер стадион жакшы абалда болсо, кыргыз курамасы жок дегенде 2:0гө жеңилсе керек деген божомолдо турганбыз.
Экинчи оюн Бишкекте Өзбекстанга каршы өттү. Өзбек футболунан мындан 10-15 жыл мурун салынган инвестиция пайдасын берип, азыркы курамасы Иран, Жапония, Түштүк Корея, Австралия сыяктуу гранд командалар менен тең ата ойногонго мүмкүнчүлүк берди. Ушул өңүттөн алганда «Ак шумкарлар» өзбек курамы менен мыкты оюн көрсөтүп, эки кураманын ортосундагы мелдештердин статистикасын жаңылап койду десек болот. Аткени, ушул беттешке чейин өзбектер менен кыргыз курамасы 7 жолу ар түрдүү беттештерде кез келген болсо, бир да жолу 1 голдон ашык гол ура алган эмес экенбиз. Бул оюнда эсеп 3:2 болуп, эки гол киргизүүгө жетиштик.
Албетте, анан Катар менен болгон беттеш өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Бул араб өлкөсү Дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн жаңы стадиондорду салып, миллиарддаган долларларды коротту. Бул нерсе аталган өлкөнүн футболуна мыкты көңүл бурат дегенди билдирет. Анан калса, курамада классы жогору футболчулар абдан көп. Ушул жааттан алганда биздин курамдын 2 гол айырмачылыгы менен ойногонуна позитивдүү көз карашта болсок болот.
Ал эми БАЭ менен буга чейин 2019-жылкы Азия чемпионатында да кез келип, ошондогу курам аз эле жерден жеңишти илип кете жаздаган. Анда «Ак шумкардын» духу да жогору болуп, бизден жогорку деңгээлдеги курама менен тең ата ойнгону көпчүлүктү таң калтырып, сенсация жаралган.
-Биздин футболчулар Дүйнөлүк чемпионатка эки ирет жолдомо уткан Түндүк Кореянын Улуттук курамасы менен өз үйүбүздө беттешип, жеңип алдык. Анда бир уу-дуу болуп, сүйүндүк эле, бирок кечээ күнү БАЭден жеңилдик. Нааразы пикирлер көп айтылды. Алдыда дагы бир маанилүү деген беттеш – Иран менен оюн турат. Болжол кандай болушу мүмкүн?
-Түндүк Кореянын футбол курамасы боюнча маалыматтар абдан аз. Аталган курам тарыхтагы натыйжалары менен мактана алат. Абсолюттук авторитардык системада өкүм сүргөн өлкөнүн футбол курамасы болгону эле көпчүлүктү таң калтырууда.
Аталган курам бул тандоо оюндарында туруксуз оюндарды көрсөтүп жатат. Анткени, өзбек курамасы менен конокто кичи эсепте жеңилип, андан даражасы төмөн болгон Кыргызстандан да кичи эсепте утулуп калды. Ошондой эле биздин курамдан даржасы бийик араб курамалары менен тең ойноду. Бул деген сөз аталган курамдын күчтүү командаларга карата өзгөчө маани береринен кабар берет. Аталган кураманын акыркы – Иран менен болгон оюнун карай турган болсок, 3-2 эсебинде утулду. Бирок, Азиядагы дөө-шаа команданын бири менен ушул эсепти жаратуу оңой иш эмес. Жогоруда Түндүк Кореянын оюнун туруксуз дегеним, даражасы бийик командалар менен жакшы ойноп, бизден жеңилип калганын жүйөө келтирет элем.
Ал эми “ак шумкарлар” канчалык аракет кылбасын БАЭден ири эсепте утулду. Бул деген футбол. Футболдо ар кандай жыйынтык боло берет. Бирок, оюнчулардын руху, физикалык даярдыгы, машыктыруучулардын тактикалык жүрүштөрү да көп нерсени чечет. БАЭ менен болгон оюнда оюнчулар тарабынан көбүрөөк ката кетти өңдөнөт. А кыргыз курамасы бул тандап алуу оюндарынын жүрүшүндө бир топ оюн өткөрдү. Өзбекстан менен жетишерлик деңгээлде ойноп, бирок бир топ айырмачылыгы менен утулуп калган болсо, Түндүк Кореяны утуп алды. Бул деген сөз “ак шумкарлар” өз үйүндө болушунча упай алууга аракет кылат дегенди билдирет.
Иран менен конокто ойноп, кичи эсеп менен жеңилди эле. Бишкектеги оюн көп нерсени каңкуулайт. Кыргызстанда кайсыл бир деңгээлде жакшы натыйжага жетүүнү, жок эле дегенде тайпада 3-орунду алууга аракет кылып көрөт. Эгер Иранды уткан болсо, бул мүмкүнчүлүк дагы да жогорулайт. Деген менен перстер оңою менен упай бере турган командалардан эмес. Бирок, ошондой болсо да биздин курам упай алууну же болбосо, жок дегенде тең чыгууну каалайт деп ойлойм.
-Акыркы суроо кыргыз премьер лигасы тууралуу болсун. Азыр 10 команда топ сүрүп жатат. А Абдыш-Ата мөөнөтүнөн мурда дагы чемпион болду. Дегеле кыргыз клубдарынын абалы кандай?
– Кыргыз премьер-лигасында 10 клуб ойноп жатканына аз эле убакыт болду. Буга чейин 8 клуб ойноп келген. Кыргызстанда футбол бизнеске айланган эмес. Тактап айтканда, көп клубдарды мамлекет каржылайт. Маселен, Оштун “Алай” клубу, Бишкектин “Алга” клубу муниципалдык бюджеттин эсебиненен каржыланып келүүдө. Буга чейин муниципалдык бюджеттен каржыланып келген дагы бир клуб бар эле. Ал – “Кара-Балта” клубу. Бирок, аталган клуб жакында эле “Кыргыз алтын” ААКнын каржылоосуна өтүп, аталган ачык акционердик коом каржылай баштады.
Ошондой эле, Оштун дагы бир клубу – “ОшМУ-Алдиёр”. Аты айтып тургандай эле бул клубду Ош мамлекеттик университети каржылайт. Жогоруда кеп кылганыбыздай, Кыргызстанда футболдон пайда тапса болбойт. Өлкөдө кыргыз футболуна салым кошкон футбол меценаттары көп. Алардын көрүнүктүү эле өкүлдөрү Аскар Салымбеков менен бир тууган Сакибаевдер. Салымбековдун “Дордой” клубу 10 жолку өлкөнүн чемпиону. Анан калса бир нече жыл бою улуттук курамдын негизин ушул клубдун оюнчулары түзчү. Ошондой эле, Сакибаевдер негиздеген Кант шаарындагы футбол академиясы кыргыз футболуна көптөгөн таланттуу, мыкты футболчуларды берди. Анан калса акыркы 2-3 жылдан бери Канттын клубу курамын күчтөнтүп, өлкөнүн 3 жолку чемпиону болууга жетишти.
Эми калган клубдарга келели. “Талант” клубу менен “Илбирс” клубун Кыргыз футбол биримдиги эле каржылап келүүдө. Ал эми “Мурас Юнайтед” клубу Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылганы менен иш жүзүндө башка адамдар башкарып жатышат жана бул клуб түзүлгөн жылы эле Кыргызстандын кубогун жеңди. Быйыл да кубокту жеңип алганын айтса кетпесек болбойт.
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” клубу бир нече жылдан бери жогорку лигада ойноп, Александр Крестинин башкарган жылы чемпион болууга да жетишкен. Ошондой эле бул клуб Кыргызстандын кубогун да уткан. Бул клубу “Кыргыз нефти-газ” ААК каржылап келет.
Эми клубдардын абалы тууралуу айтсак, Премьер-лиганын оюндарынын жыйынтыкташына 2 тур калган учурда “Абдыш-Ата” ат чабым алдыга чыгып, мөөнөтүнөн мурда чемпион болду. Турнирдик жадыбалды карай турган болсок, “Абдыш-Ата” 1-орунда, “Дордой” клубу 2-орунда, “Мурас Юнайтед” 3-орунда, “Алай” клубу 4-орунда, “Нефтчи” 5-орунда, “Илбирс” клубу 6-орунда, “ОшМУ-Алдиер” 7-орунда, “Талант” 8-орунда, “Кыргызалтын” (Кара-Балта) 9-орунда, “Алга” клубу 10-орунда баратат.
Буга чейин “Алга” клубу күчтүү бештикке кирсе, бул сезондо эң акыркы орунга жайгашты. Азырынча чемпионаттын форматы белгисиз, эгер башка чемпионаттардай болгон болсо, “Алга” клубу сезондун аягына чейин акыркы орунда кала бере турган болсо, кийинки лигага түшүп калат.
Бишкектик “Алга” кыргыз клубдарынын ичинен тарыхы боюнча эң эски клуб болуп саналат. Аталган клуб СССРдин экинчи лигасын утуп, биринчи лигасында бир жыл бою ойногон жалгыз кыргыз клубу болуп саналат. Ошондой эле, өлкө эгемендүүлүктү алган жылдан тартып көп жыл бою жергиликтүү чемпионаттагы лидерликте бербей келди. Кийин “Алганын” гегемониясын “Дордой” клубу токтотту.
Менин оюмча, кийинки сезондо “Абдыш-Ата”, “Мурас Юнайтед” жана “Дордой” клубдары чемпиондук үчүн күрөшкөн клубдарга айланат. Анткени, “Абдыш-Ата” менен “Дордой” клубу чемпион болуп, эл аралык оюндарда ойноп калган команда. Мен ойлойм, Салымбеков менен Сакибаевдер да чемпиондук үчүн акчасын аябайт. Ал эми “Мурас Юнайтед” клубу түзүлгөнүнө 2 жыл болгонуна карабай алдына чоң пландарды коюп, чоң амбиция менен баратат. Бул клуб да кийинки сезондо толук түрдө чемпиондук үчүн күрөшөт.
Ал эми “Алга”, “Алай” сыяктуу клубдардын кийинки жылкы сезону муниципалдык бюджетке көз каранды. Эгер жергиликтүү бюджеттен көп акча бөлүнсө, бул клубдар да толук түрдө чемпиондук жарышка кошулат. Ошондой эле, “Кыргызалтын”, “Талант”, “Илбирс”, “ОшМУ-Алдиёр” сындуу клубдар дале болсо төмөнкү зонада кала берери бышык. “Нефтчинин” да оюну “Кыргыз нефт-газ” ААКсына байланыштуу.
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев кыргыз футболунун деңгээлин көтөрүүгө аракет кылып келет. Быйылкы жылы көп стадиондор жаңыртылды. Эгер жогоруда аталаган үч клуб сыяктуу башка клубдарга да финансылык колдоо болсо, кыргыз чемпионаты да жакынкы жылдары күчтүү чемпионатка кайланат деп ойлойм
-Рахмат маегиңизге!
Маектешкен: А.Белеков


















