Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргыз футболундагы Тарковичтин орду, Лисицындын келечеги

  • Аналитика, Спорт
  • 14.06.2024 16:57

Loading

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) өлкөнүн Улуттук курама командасынын Башкы машыктыруучусу словакиялык адис Штефан Таркович менен келишимди узарткан жок. Аткен менен анын айыбы эмне экени ачык айтылган жок, бирок Тарковичти мактоолор менен узатышты. Ал арда Улуттук кураманын Башкы машыктыруучулук кызматына Максим Лисицын келди. Ошентип кыргыз футболундагы жүрүп жаткан саясаттын алкагында кеткен Тарковичтин орду, Лисицындын келечеги кандай болоору жана алдыда күтүлүп жаткан жыйынтыктар тууралуу азыноолак анализ жасаганга аракет кылабыз.

Ийгиликтерди жараткан Таркович кызматын сактай алган жок…

Словакиялык футбол машыктыруучу Штефан Таркович “ак шумкарларды” дээрлик 14 ай машыктырды. Бул аралыкта ал 9 ирет расмий беттеш өткөрдү. Анын үчөө жеңиш болсо, үчөө тең чыгуу, калган үчөө жеңилүү болгон. Жыйынтыгында, Улуттук курама 2023-жылдагы Азия оюндарында тайпадан чыкпай калып, катуу сынга кабылды. Ал эми Дүйнөлүк Чемпионатка (ДЧ) тандап алуунун 2-раундунун жыйынтыгында: бул турнирдин кийинки раундуна өтүү менен бирге, 2027-жылы Сауд Аравиясында өтө турган Азия кубогунун финалдык беттештерине алдын ала жолдомо утту. Муну менен кыргыз футболу тарых жаратты.

Тема боюнча

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026

Кыска аралыкта, тагыраагы, дээрлик бир жылдын ичинде ушундай тарых жаратылса да, Кыргыз футбол союзу аны менен келишимди узарткан жок. КФБ аны менен 2024-жылдын 30-июнуна чейин гана келишим түзүлгөн болчу.

“Ички кеңешмелердин кылдат талдоолорунун натыйжасында, КФС жетекчилиги, словакиялык адис менен келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аны менен кызматташууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Башкы машыктыруучу менен бирге улуттук курама командадан анын машыктыруучулук штабы да толугу менен кетти”,-деп айтылган КФБнын маалыматында.

КФБнын мындай чечимине коомчулуктун “Эмнеге?” деген суроосу ачык бойдон калды. Бирок айрым божомолдор бар. Футбол күйөрмандары Таркович башында турган “ак шумкарлардын” Азия оюндарындагы ийгиликсиз жыйынтыкталган оюндарын катуу сындаган. Мындан улам ошондогу “Кыргыз футбол союзунун” президенти Медербек Сыдыков кызматын тапшырган. Анын ордуна президент Садыр Жапаровдун сунушу менен МинКабдын төрага орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев келип, “союз” аталышын “биримдик” деп атап, футболго катуу көңүл бура баштаган.

Ошентип КФБнын жетекчиси алмашты. Бирок Улуттук кураманын Башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке, Азия оюндарында ийгиликсиз жыйынтык менен келишкенине карата катуу сындар айтылганына карабай, кызматын сактап калган. Бирок кураманын ДЧга тандап алуу оюндарындагы экинчи раундунун жыйынтыктоочу беттештеринде ийгиликтүү оюн көрсөтүп, тарых жаратканы – Тарковичти кызматында сактап кала алган жок.

Ошентип, КФБнын маалыматында айтылгандай: “Ш.Таркович алдыга коюлган бардык максаттарды кыска мөөнөттө ийгиликтүү ишке ашыра алды. Курама команда европалык жогорку деңгээлдеги адис менен иштеп, пайдалуу тажрыйба ала алды”. Ал он жылдай иштеген мурдагы машыктыруучу Александр Крестининдин ордуна келген эле.

Жаңы башкы машыктыруучу ким?

Ал арада “ак шумкарлардын” жаңы машыктыруучусунун аты белгилүү болду. Максим Лисицын. 46 жаштагы орусиялык адис. Ал Кыргызстандын Улуттук курама командасынын Башкы машыктыруучусу болуп дайындалганын КФБнын маалымат кызматынан кабарлашты. Эми Лисицын курама команданы сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына даярдайт.

Лисицын Кыргызстанга бейтааныш эмес. Анткени ал ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КР U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, КР Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга түзүлдү. М.Лисицын Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.

Футбол темасын көп жазып жүргөн журналист Бексултан Мамытов, Улуттук курамдын жаңы машыктыруучу тууралуу пикирин билдирип: “Штефан Тарковичке көбүрөөк убакыт берилсе болмок”,-деп, бул машыктыруучу дээрлик евро стандарттар менен иштеген, менталитети Европанын футболуна туура келген адис эле деди.

“Ал эми Максим Лисицын ар түрдүү жаштардагы курамаларыбызде жетектеп келди. Бир нече жылдан бери Кыргызстанда иштейт. Жергиликтүү чемпионатта ойногон «Илбирс» клубун да машыктырды. Жергиликтүү чемпионаттын деңгээлин, андагы оюнчулардын деңгээлин жакшы билет. Мына ошол критерийлерден улам ушул машыктыруучу тандалды деп ойлойм. Анан албетте кыргыз футболунун азыркы деңгээли боюнча, дүйнөдө азыр атагы таш жарып турган Пеп Гвардиола, Карло Анчелоттилерди алып келсең деле «чудо» жарата албайт. Аны үчүн системалуу иштер керек. Ал иштер азыркы күндө башталды. Ошондуктан, кыргыз футболунун келечеги алдыда деп ойлойм”,-дейт Б.Мамытов.

Улуттук кураманын кийинки жолу кандай болот?

Кыргызстандын Улуттук курамасы Орусиядан келген адис Александр Кристининдин башкаруусунда жаңы деңгээлге чыкканын тан алышыбыз керек. Бирок, кыргыз футболчулары андай деңгээлге даяр да болуп калган болчу деген пикирлер бар. А. Кристининдин тушунда да тарых жаралып, биринчи жолу Азия чемпионатына катышкан.

Ал эми Ш.Таркович деле кыргыз футболунда өз атын алтын тамгалар менен жазып кетти. Тактап айтканда, ДЧга жолдомо алууга мүмкүнчүлүк жаратты десек болот. Эми алдыда “ак шумкарларда” ДЧга чыгуу үчүн 3 мүмкүнчүлүгү турат. Алар кайсылар?

2026-жылы футбол боюнча Дүйнө Чемпионатында 48 өлкөнүн курама командасы ойноорун эске алганда, кыргыз курамасы мыкты оюн көргөзүп, Азиядан 8,5 командага деп берилген квотанын бирин илип кетсе болот.

Азыр Кыргызстан 3-раундга өттү. Мында ат салышкан 18 команда бар. Алар 6 командадан үч группага бөлүнөт. Ар бир команда 10 оюн өткөрөт (үйдө 5 жана конокто 5). Группанын 1-2-орунун алган 6 команда түз эле Дүйнө Чемпионатына катышууга укук алат. Бул – Кыргызстандын 1-мүмкүнчүлүгү. Бул раунддагы ар группанын 3-4-орунун ээлеген 6 команда 4-раундда ойноого жолдомо алышат. Бирок 5-6-орунду алып калгандар оюнун ошол жерден токтотот.

Ал эми 4-раундду болсо, 6 команда эки группага 3төн бөлүнөт. Анда ар бир группадан 1-орунга чыккан 2 команда ДЧга жолдомо алышат. Бул – Кыргызстандын 2-мүмкүнчүлүгү. Бул жерде группанын 2-орунун алган 2 команда 5-раундка өтөт. 3-орундар ДЧга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Акыркы 5-раунд. Мында 4-раунддан өткөн эки команда бир бири менен ойнойт, жеңгени континенталдык “стыковый матч” ойноп, утканы ДЧга жолдомо алат. Бул Кыргызстандын ыктымалдуулугу төмөн болгон 3-мүмкүнчүлүгү.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк мунидиаль 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексиканын 18 шаарында өтөт.

А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КыргызстанМаксим ЛисицынмашыктыруучуфутболШтефан Таркович
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

16.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.