Кувейттин жээгинде танкерде жарылуу болгонун бүгүн эртең менен Улуу Британиянын Деңиз соода операцияларынын башкармалыгы (UKMTO) расмий сайтында жарыяланган билдирүүсүндө маалымдады.
Танкер Кувейттин Мубарак аль-Кабир шаарынан болжол менен 55 чакырым түштүк-чыгышта якорь менен токтогон.
Кеменин капитаны танкердин сол тарабында жарылууга күбө болгонун, андан соң окуя болгон жерден кичинекей кемени байкаганын билдирген.
Маалыматка караганда, жүк ташуучу резервуардан сууга мунай агып чыккан. Окуядан жабыркагандар жок жана өрт чыккан эмес. Бирок, мунайдын агып чыгышы экологиялык терс кесепеттерге алып келет деп айтылууда.
Танкердин аталышы жана кимге таандык экени азырынча белгисиз.
Адистер мунайдын агышынын масштабын баалоо жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштыруу үчүн зарыл чараларды көрүү максатында кырдаалды көзөмөлдөөнү улантууда.
28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагына, анын ичинде Тегеранга чабуул койгон. Андан бери чабуулдардын кесепетинен Ирандын Жогорку лидери аятолло Али Хаманеи, бир нече аскер башчылары, 1000ден ашуун жай тургундар каза тапты.
Иран агрессияга жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда.
Буга чейин Иран ракеталык чабуул коркунучунан улам өз жээгинде жана Ормуз кысыгында кемелердин жүрүшүнө тыюу салганын жарыялаган.


















