Кыргызстанда көптөгөн курулуш компаниялардын ээлери карапайым элдин акчасын алдап алып, бирок убадасын аткарбай, чет өлкөгө качып же түрмөгө отуруп жоопкерчиликтен кутулуп жатышат. Ага укук коргоо органдары да кайдыгер мамиле жасайт.
Бул тууралуу 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов курулуш компаниялардан жапа чеккен жарандардын маселесин көтөрүп жатып айтты.
Эл өкүлү ушул жылдын 27-февралында жарандардын кайрылууларынын негизинде жолугушуу уюштурганын, анда турак жай сатып алууда алдангандардын ой-пикирлери угулганын белгиледи.
«Жолугушууга миңге жакын адам катышып, келбей калгандарды кошкондо жабырлануучулар мындан 10 эсе көп экен. Өлкө боюнча 60 компанияга карата 200 гө жакын арыз келип түштү. Алардын катарына турак-жай кооперативдерине алдангандар, үйлөрдүн курулуш иштери бүтүп, бирок документтерин ала албагандар, үлүштүк курулушка акча берип, курулуш компаниялардан алдангандар кирет»,- деди депутат.
Эл өкүлү тиешелүү укук коргоо органдары турак жай сатып алууда алдангандарга каражаттарын кайтарып берүү жагында жеткиликтүү иш алып барбай жатканын айтты.
«Курулуш компаниялардын ээлери миллиарддаган долларларды алдамчылык жол менен уурдап, чет өлкөгө качып же кыска убакыт түрмөгө отуруп, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатышат. Жылдап чогулткан акчасын шылуундарга алдаткандардын тагдыры кандай болот. Бул бир гана ички эмес, улуттун коопсуздугуна көйгөй жараткан курч маселеге айланып бара жатат»,- деди Эрулан Кокулов.
Депутаттын айтуусу боюнча, бул каражаттарды кылдат изилдөөнүн жүрүшүндө табууга болот. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында курулуш компаниялардан жапа чеккен жарандар менен иштөөчү атайын комиссия түзүү сунушун берди.




















