Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн, Кызыл-Кошуун өрөөнүндө археологиялык казуу иштери учурунда 1-4-кылымдарда жашаган адамдардын сөөктөрү жана буюм-тайымдары табылды.
Бул тууралу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, археологиялык изилдөө жүргүзүлгөн аймакта көрүстөндөр, жеке мүрзөлөр, архитектура, турак жай, архитектура, петроглифтер бар. Баткен, Лейлек райондорундагы алгачкы археологиялык изилдөөлөр өткөн кылымдын 1954-1960-жылдары жүргүзүлгөн.
Изилдөө иштеринде БатМУ тараптан жетекчилик кылган, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров изилдөө учурунда табылган эстеликтер алдын ала болжолдоолор боюнча Кара-Булак көрүстөнүнө тектеш.
Анын айтымында, бул аймактан 150-200гө чейинки эстеликтер эсепке алынды.
“Археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарда жашаган адамдардын жашоо тиричилигине таандык жеке буюмдары табылды. Тактап айтканда 1 кумура, 3 темир бычак, 1 канжар, 1 жаанын учу, 1 курдун тогосу адам сөөгү менен кошо көмүлгөнүнө күбө болдук”, – деди Кадыров.
Белгилей кетсек, Кара-Булактагы эстеликтер биздин замандын 1-4-кылымдарына таандык. Ал мезгилде сөөк коюу салтында маркумдун буюм тайымдарын, аял кишилердин жасалгаларын, сөөк менен кошо көмүшкөн жана сөөктүн баш жагына кумураларга тамак-ашын коюшкан. Бул археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет.
Табылгалар Европадагы радиоуглероддук лабораторияларда изилденет. Ал жерде антропология, геология, биология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр так чыгарылат. Табылгалардын датасын аныктоодо +10 же -10 жылга айырма болот. Бул лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин көрүстөндөрдүн сыры илимий жактан так аныкталышы мүмкүн.