Бүгүн 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында балдарга арналган бир катар майрамдык иш-чаралар, анын ичинде Биринчи балалык фестивалы өтүп жатат.
Майрам ээлери үчүн этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы уюштурулган.
Ал эми Панфилов сейил багында балдар үчүн саат 11.00дөн 18:00гө чейин арзандатуулар болуп, “Колесо обозрения”, Жаныбарлар полиси, 12D кинотеатры, “Айлануучу мунара” аттракционуна 80 сом, ал эми калган бардык аттракциондорго – 50 сом болууда.
Саат 17.30да аянтта концерт башталып, конокторго «Наристе» фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет. Мындан тышкары, саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.
Белгилей кетсек, Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы негизделип, биринчи жолу 1950-жылы дүйнөнүн 51 өлкөсүндө белгиленген.
Балдардын шаңдуу майрамынан тартылган кадрларды “Eurasia Today” агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Discussion about this post