Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

“Крокустагы” терактка эл аралык коомчулуктун реакциясы

  • Башкы жаңылыктар, Дүйнө
  • 23.03.2024 12:47

Loading

22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында кандуу кол салуу болду. Анын кесепетинен 60 адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 115 адам ооруканага жаткырылганын, алардын бешөө балдар экенин билдирди.

Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тема боюнча

Шойгу: Россия ШКУнун алкагында агрессияга реакция кылуу механизмин иштеп чыгууну сунуштоодо

Шойгу: Россия ШКУнун алкагында агрессияга реакция кылуу механизмин иштеп чыгууну сунуштоодо

15.05.2026

Окуяга күбө болгон РИА Новости агенттигинин кабарчысынын айтымында, залга кеминде камуфляжчан, беткапсыз үч адам кирип келип, элге ок чыгарып, күйүүчү шашкаларлы ыргытышкан. Натыйжада өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө авиация тартылган.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Ирандын ТИМ башчысы

Ирандын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Москванын жанындагы “Крокус Сити Холл” соода борборундагы терактты айыптап, терроризмге каршы натыйжалуу күрөш дүйнөлүк коомчулуктан олуттуу кадамдарды талап кылат, деп билдирди өзүнүн Х социалдык тармактагы баракчасынан.

“(Подмосковьедеги) террордук актты кескин айыптап, бул каргашалуу окуяга байланыштуу курман болгондордун жакындарына, кесиптешим Сергей Лавровго, Россиянын өкмөтүнө жана элине көңүл айтам. Терроризмге каршы биргелешип жана натыйжалуу күрөш дүйнөлүк коомчулуктан олуттуу кадамдарды талап кылат“, – деп айтылат министрдин кайрылуусунда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

«Казакстан Москвадагы жайкын тургундарга каршы жасалган террордук актыны кескин айыптайт. Терроризмди эч кандай актоого болбойт, биз Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерди бейкүнөө жарандарга карата зомбулуктун мындай түрүн бир добуштан четке кагууга чакырабыз.

Ал президент Владимир Путинге көңүл айтып, Казакстандын укук коргоо органдарына «зарыл болсо Россиянын укук коргоо органдарына жардам көрсөтүүнү» тапшырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Мирзиеевдин көңүл айтуу катында «Өзбекстан карапайым калкка каршы жасалган бул террордук актыны кескин айыптары айтылат. Президент «курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн колдоо сөздөрүн айтып», «бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады».

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан

Фидан россиялык кесиптеши Сергей Лавровго телефон чалып, президент Режеп Тайып Эрдогандын атынан “Крокус Сити Холлдогу” трагедияга байланыштуу Россия элине көңүл айтты жана кандуу террордук чабуулду айыптады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Рахмон Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөтүп, анда ал адамгерчиликсиз зордук-зомбулуктун бул актысын кескин айыптаганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.

Түркмөнстан ТИМи

Тышкы иштер министрлиги Москванын жанындагы “Крокус Сити Холлдо” болгон терактты кескин айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

«Түркмөнстан 2024-жылдын 22-мартында Москва облусунун Красногорск шаарындагы концерттик залла болгон терактты кескин айыптайт. Каза болгондордун жакындарына жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтөбүз. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайбыз», — деп айтылат ведомствонун расмий сайтында.

Садыр Жапаров

“Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта «КРОКУС СИТИ ХОЛЛдо» көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөм. Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен бул жамандыкка натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”,- деп айтылат президент Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путинге жолдогон телеграммасында.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жон Кирби

«Биз көбүрөөк маалымат алууга аракет кылып жатабыз, бирок бул тууралуу орус бийлигинин айтканы жакшы. Ал жерден тартылган кадрлар үрөй учурат жана аны көрүү кыйын болууда. Биздин оюбуз бул үрөй учурган кол салууда жакындары каза болгондор менен. Бул коркунучтуу кол салуу тууралуу бизде алдын ала маалымат болгон эмес.  Учурда ок атууга Украинанын же украиналыктардын тиешеси бар деген эч кандай белги жок».

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 

Цзиньпин Россиянын президенти Владимир Путинге Россиядагы  терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жибергенин Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

“Си Цзиньпин Россиядагы террордук чабуулга байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү”, — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Крокус сити холлреакцияэл аралык коомчулук
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууга эл аралык реакциялар: Жаңжалдын аякташына үмүт пайда болду

АКШ менен Ирандын ортосундагы макулдашууга эл аралык реакциялар: Жаңжалдын аякташына үмүт пайда болду

15.06.2026
Шойгу: Россия ШКУнун алкагында агрессияга реакция кылуу механизмин иштеп чыгууну сунуштоодо

Шойгу: Россия ШКУнун алкагында агрессияга реакция кылуу механизмин иштеп чыгууну сунуштоодо

15.05.2026
“Крокус” иши боюнча соттолгондордун бири Якубджони Юсуфзода Москвадагы тергөө абагында өз жанын кыйды

“Крокус” иши боюнча соттолгондордун бири Якубджони Юсуфзода Москвадагы тергөө абагында өз жанын кыйды

07.04.2026
Ирандын ТИМ башчысы дүйнөнү «Согушка – жок!» өнөктүгүнө кошулууга чакырды

Ирандын ТИМ башчысы дүйнөнү «Согушка – жок!» өнөктүгүнө кошулууга чакырды

18.03.2026
“Крокус Сити Холлдогу” террорчуларды актаган” деген айып менен кыргызстандык жаран соттолду

“Крокус Сити Холлдогу” террорчуларды актаган” деген айып менен кыргызстандык жаран соттолду

20.02.2025
Сирия республикага каршы санкцияларды жоюуга жана активдерди бошотууга чакырды

Сирия республикага каршы санкцияларды жоюуга жана активдерди бошотууга чакырды

17.12.2024
Эл аралык террордук уюмдар курьерлер аркылуу жардыруу уюштурушу мүмкүн

Эл аралык террордук уюмдар курьерлер аркылуу жардыруу уюштурушу мүмкүн

26.08.2024
Россиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйү талкууланды

Россиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйү талкууланды

29.07.2024
Тажик мигранттары Шереметьеводо беш күн кармалып, кайра артка жөнөтүлдү

Тажик мигранттары Шереметьеводо беш күн кармалып, кайра артка жөнөтүлдү

09.07.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
213 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.