Бүгүн, 25-февраль күнү, Ош шаардык мэриясынын 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландалган финансылык мезгил боюнча коомдук угуу өттү.
Бул иш-чарага шаардык бийликтин жетекчилери, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана шаар тургундары катышты.
Коомдук угуу – бул бюджеттик каражаттардын бөлүштүрүлүшүн элдин талкуусуна коюу жана финансылык приоритеттерди ачык-айкын көрсөтүүчү маанилүү механизмдердин бири. Быйылкы бюджеттик сунуштарга ылайык, Ош шаарынын 2025-жылдагы жалпы кирешеси 2024-жылга салыштырмалуу 113,8 пайызга көбөйүп, 3 миллиард 425 миллион 313 миң сомду түзөрү маалымдалды. Бул өсүш шаардын социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык муктаждыктарын камсыздоого багытталат.

Бюджеттик каражаттардын бөлүштүрүлүшү
Ош шаарынын бюджеттик каражаттарынын бөлүнүшү боюнча сөз болгондо, негизги артыкчылык инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык тейлөө тармагына жана маданий иш-чараларга берилгени байкалат. Тактап айтканда, “Ошасфальтсервис” ишканасына 350 млн сом бөлүнүп, жолдорду оңдоого жана асфальттоо иштерине басым жасалмакчы. Ал эми “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына 6 млн 73 миң сом каралышы шаардагы азык-түлүк коопсуздугуна кандайдыр бир салым кошушу мүмкүн. Бул каражат айыл чарба продукциясынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн кандай колдонуларын коомчулук билиши керек.

Андан сырткары, Ош шаардык муниципалдык ишканаларына жана тейлөө тармагына 952 млн 704 миң сом каралууда. Бул каражат коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртабы же натыйжасыз долбоорлорго жумшалабы деген маселе турат.
Билим берүү тармагына 938 млн 770 миң сом каралган. Шаардык бюджеттин эң чоң бөлүгү билим берүү тармагына жумшалары кубандырат, бирок мугалимдердин айлык маянасы, мектептердеги оңдоо иштери жана жаңы мектеп куруу маселеси кандайча чечилери азырынча белгисиз.

Деталдаштырылган каражаттар…
– Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол акысына субсидия – 80 млн сом;
– “Ошасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын аппаратын каржылоого – 4 млн 391 миң сом, ал эми титулдук баракчасына 350 млн сом;
– Ош мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына – 6 млн 73 миң сом;
– Ош мэриясынын “Санарип Ош” муниципалдык ишканасына – 18 млн сом;
– Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары – 2 млн 750 миң сом;
– Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 952 млн 704 миң сом;
– Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине – 220 млн 36 миң сом;
– “Ошсвет” муниципалдык ишканасына – 107 млн 739 миң сом;
– Ош шаардык мэриясынын жарандарды тейлөө бюросуна – 14 млн 532 миң сом;
– Ош мэриясынын муниципалдык турак жай – коммуналдык ишканасына – 24 млн 154 миң сом;
– Муниципалдык менчик ишканасынын титулдук баракчасына – 151 млн 700 миң сом;
– Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 431 млн 500 миң сом.

Маданият, спорт жана социалдык тармак:
– Маданият жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө – 48 млн 650 миң сом;
– Ош шаардык борборлоштурулган китепканасына – 11 млн 930 миң сом;
– Маданият үйлөрүн кармоого – 2 млн 473 миң сом;
– А. Сүйүмбаев стадиону жана “Алай” клубу үчүн субсидия – 115 млн сом;
– “Ош шамы” гезитине субсидия – 3 млн сом;
– “ОшТВ” телеканалына субсидия – 2 млн сом;
– Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна – 4 млн 533 миң сом;
– Фольклордук-эстрадалык топтор үчүн – 15 млн 376 миң сом;
– Ош шаардык маданият башкармалыгы жана спорт комитетинин аппаратын каржылоого – 26 млн 896 миң сом;
– Жалпы билим берүү тармагына – 938 млн 770 миң сом;
– Социалдык коргоо секторуна – 30 млн 547 миң сом.

Бюджеттик саясаттын мааниси жана коомдук пикири
Бюджеттик каражаттардын бөлүштүрүлүшү шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын көрсөтөт. Ош шаары үчүн транспорт, коммуналдык кызматтар жана инфраструктураны жакшыртуу негизги приоритет катары белгиленип, билим берүү жана социалдык коргоо тармагына да олуттуу каражат бөлүнүүдө. Бул – калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кадам катары бааланууда.
Ошентип Ош шаарынын 2025-жылга карата бюджеттик сунуштары мындан ары коомдук талкууларда кайра каралып, бекитүү алдында турат.
Калаанын бюджетинин жылдык өсүү темпи төмөндө көрсөтүлгөн:
- 2018-жылы 940 млн. сом;
- 2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом;
- 2020-жылы 1 млрд. 325 млн. 613 миң сом;
- 2021-жылы 1 млрд. 357 млн. 700 сом;
- 2022-жылы 1 млрд. 600 млн. сом;
- 2023-жылы 2 млрд. 509 млн 306 сом;
- 2024-жылга 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сом;
- Ал эми быйыл, 2025-жылы, 3 млрд 425 млн 313 миң сомду деп бекигени атат.
Материалды даярдаган: А. Белеков



















