Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бишкек шаардык кеңешине токтом долбоору муниципалитеттин расмий сайтында жарыяланды.
Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортторунда (троллейбустарда, бардык класстагы автобустарда) жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер:
Бир жүргүнчүнүн жол кире баасы:
– троллейбуста 20,00 сом;
– менчик түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы
автобустардан тышкары) 20,00 сом;
– менчик түрүнө карабастан чакан класстагы автобустарда – 20,00 сом.
Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм:
– 40 кг жогору же көлөмү 50х60х100 см 20,00 сом.
Бир айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол
билети) баасы:
– мектептик 430,00 сом;
– стандарттуу 1200,00 сом.
Төмөнкү категориядагы жарандарга муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу берилет:
– жаш курагы боюнча пенсионерлерине;
– жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III
топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
– бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
– 7 жашка чейинки балдарга;
– «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын
почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда.




















