Колумбиянын армиясы Венесуэла менен чек арадагы Кататумбо аймагында кылмыштуу топторго каршы аскердик операциясын баштады.
Бул тууралуу Колумбиянын куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянуу менен El Tiempo гезити билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Норте-де-Сантандер департаментинде жайгашкан Кататумбо шаарынын 11 муниципалитетинде аскердик аракеттер башталды.
Бир күн мурун Колумбияда куралдуу топтордун согушкерлеринин аймактагы активдүүлүгүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган. El Tiempo ошондой эле Колумбия армиясынын бронемашиналары жакын арада аймактагы Тибу жана Кукута муниципалитеттеринин ортосундагы жолго жайгаштырыла турганын билдирди.
Гезит жуманын башында Колумбиянын куралдуу күчтөрү аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу жана качкындардын агымын азайтуу максатында Кататумбодо операция баштаганын эске салат.
Колумбиянын Коргоо министрлигинин акыркы отчетуна ылайык, акыркы күндөрү Норте-де-Сантандер департаментиндеги качкындардын саны бир аз азайып, азыр 38 миңден ашуун кишини түзөт.


















