Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Мамлекеттик тууну көтөрүү каадасына жана Ормон Хандын 230 жылдыгына карата эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө кыргыз элинин басып өткөн бай тарыхында элди бир туунун астына бириктирип, жол баштап, кол топтоп, душман беттеп, элдүүлүктү, эгемендикти коргоп келген нечендеген чыгаан инсандар өткөнүн белгиледи.
«Кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына карата эстелигин ачып олтурабыз. Ормон хандын жети атасынан бери эл башкарган көсөмдөрдөн, кашкөй баатырлардан болгонун тарыхчылар айтып келет. Эл оозунда “Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек” деген сөздүн айтылып калышы эле бул даңктуу инсанды берген тукумдун даңазасын билдирип турат го, деп ойлойм.
19-кылымдагы татаал кырдаалда Ормон Ниязбек уулу бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул окуяны — Кыргыз хандыгынын түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү эң орчундуу окуя катары кароого болот. Ошондуктан Ормон хан атабыздын кыргыз элинин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги менен өтөгөн эмгеги татыктуу бааланышы керек. Ормон хан сындуу көз карандысыздыкты коргоого, жерибизди сактап калууга салым кошкон өз мезгилинин чыгаан уулдарына – ата-бабаларыбызга таазим кылып, алардын аттарын даңктап-даңазалайлы«, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Ормон хандын 230 жылдыгы менен дагы бир жолу куттуктап, элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болушун каалап өттү.