Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кочкор-Ата шаарында президенттин  катышуусунда “Нефтичи” стадиону ачылды

  • Спорт
  • 29.09.2024 11:25

Loading

Президенти Садыр Жапаров  28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында толугу менен реконструкцияланган “Нефтичи” стадионунун ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Спорт комплекси “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында турат. Стадиондо профессионалдуу “Нефтичи” футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчу билим алган академия жайгашкан. Мындан тышкары “Нефтчинин” ар кандай курактагы үч балдар командасы бар, алар республиканын футбол чемпионатына үзгүлтүксүз катышып турат.

Стадиондун ачылышында Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” – геологиялык чалгындоо, мунай өнүмдөрүн кайра иштетүү жана сатуу, кен чыккан жерлерге скважиналарды куруу сыяктуу иш-аракеттер комплексин өзүнө камтыган бирден-бир ишкана экенин айтты. Компания Кочкор-Ата шаар калкын ичүүчү суу жана газ менен камсыз кылып, шаардын негизги спорттук стадионун оңдоп, сейил бактарды, башка маданий жана коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерине чоң көмөк көрсөтүп келатканын баса белгилей кетти.

Тема боюнча

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026

Президент акционердик коом жаңы скважиналарды бургулоо жана ишке киргизүү жаатында бир топ ийгиликтерди жаратып келатканын айтып өттү. Чет өлкөлүк инвестициялык компаниялар менен тыгыз иш жүргүзүлүүдө, натыйжада мунай жана газды казып алуу көлөмү көбөйүп, ишканада экономикалык жана каржылык көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүш тенденциясы байкалууда.

1 of 9
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

Бул жерде Садыр Жапаров мунай жана газ өндүрүү көлөмүнүн өсүшүнө материалдык-техникалык базанын жыл сайын жаңыланышы да оң таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. Маселен, акыркы 3 жылдын ичинде жалпы суммасы 575,9 млн сомго 90 даана атайын жана автоунаа техникасы сатылып алынды. Ошентип “Кыргызнефтегаз” акыркы жылдары чоң ийгиликтерди жаратууда. Компания өлкөнү энергоресурстар менен туруктуу камсыз кылуу менен гана чектелбестен, өндүрүштү модернизациялоого активдүү инвестиция жумшоодо.

Президент бүгүнкү Жалал-Абад шаарындагы мунай иштетүүчү заводду модернизациялоо боюнча жаңы долбоорлордун ишке кириши бул тармактын туруктуу өнүгүү жолунда баратканынын далили экенин айтты. Муну менен “Кыргызнефтегаздын” тарыхында жаңы барак ачылууда. Жалал-Абаддагы мунайды иштетүүчү заводду модернизациялоо – бул жөн гана техникалык жактан жаңылануу эмес, бул өлкөбүздүн экономикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган стратегиялык кадам. Аталган долбоор экологиялык жактан таза күйүүчү майлардын түрлөрүн өндүрүүгө, дүйнөлүк рынокто продукциябыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы “Кыргызнефтегаз” спортчуларды, айрыкча, футболчуларды ар тараптан колдоого алып, профессионалдуу футбол командасын түзүп, жаш футболчуларды даярдаган академияга чейин уюштурууга жетишкенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарларынын биринде “Кыргызнефтегаздын” балансындагы “Нефтичи” стадионун эл аралык стандарттарга шайкеш келтиргиле, деген тапшырмасын эске салды. Себеби 1962-жылы курулган бул стадион эл аралык талаптарга жооп бербей калган эле.

Президент өз сөзүндө эл аралык стандарттагы футбол талаасында машыгуусун уланткан “Нефтичи” жаңы бийиктиктерге жетерине ишенимин билдирип, спортчуларга ийгилик каалады.

Президент жалпы журтубуз сүйүнө турган жетишкендиктерди белгилеп жатып, мунай өндүрүү тармагынын ардагерлерине ыраазычылык билдирди, алардын билими менен мол тажрыйбасынын аркасында өлкөбүздүн мунай-газ өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң салым кошулганын, бул тармактын калыптанышына чыйыр салуу менен жаш адистердин ишти андан ары алып кетүүсүн шарттай алгандарын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунай-газ тармагынын келечеги кең экенине бекем ишенерин айтып, өндүрүштү модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү, жаңы кен байлыктарды изилдөө элибиздин жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга мыкты мүмкүндүк болорун баса белгиледи.

Бүгүнкү заман бизден тынбай изденүүнү, билимди күнүгө байытууну, алдыны көрө билүүнү талап кылууда, мындан улам Садыр Жапаров мунай-газ тармагында эмгектенгендердин баарын жаңыча ой жүгүртүүгө, кесипкөйлүгүн арттырууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында: баарыбыз бир максатты – жаңы Кыргызстанды курууну көздөө менен биргелешип иш алпарсак, элибиздин бакубат турмушун камсыздоо, өлкөбүздүн өндүрүшүн алдыга жылдыруу жаатында ийгиликтерге жетерибизди белгиледи.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Кыргызмунайгаз""Нефтчи" стадионуфутбол
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

Сауд Арабиясындагы коопсуздук абалы Азия Кубогун өткөрүү маселесинде талаш жаратты

16.10.2026
Душанбеден Шымкентке чейин: Борбор Азияда кайсы жаңы стадиондор курулуп жатат

Душанбеден Шымкентке чейин: Борбор Азияда кайсы жаңы стадиондор курулуп жатат

14.09.2026
Тажикстанда мунайды кайра иштетүүчү завод курулат

Тажикстанда мунайды кайра иштетүүчү завод курулат

08.09.2026
Бельгиянын Лёвен шаарынын мэри Ридуани Израилдин футбол клубуна баш тартты

Бельгиянын Лёвен шаарынын мэри Ридуани Израилдин футбол клубуна баш тартты

03.09.2026
Өзбекстандын курама командасы Иран менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Өзбекстандын курама командасы Иран менен жолдоштук беттеш өткөрөт

25.08.2026
Кыргызстан менен Кытайдан ортосунда мунай алуу боюнча келишимге кол коюлду

Кыргызстан менен Кытайдан ортосунда мунай алуу боюнча келишимге кол коюлду

19.08.2026
Криштиану Роналду Ташкентке келиши мүмкүн

Криштиану Роналду Ташкентке келиши мүмкүн

19.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.