Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Бул маалымат Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланды.
“23-24-июлда Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи расмий сапар менен Кыргызстанга келет”, – деп айтылат маалыматта.
Расмий сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана жолугушуулар мерчемделген.
Андан тышкары, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашмакчы.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Алар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелердин келечеги жөнүндө сүйлөшүшкөн.



















