Ким Чен Ын АКШ өткөргөн аскердик машыгууларга байланыштуу КЭДРдин ядролук программасын тездетип кеңейтүүгө чакырды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.
Жаңыдан сууга түшүрүлгөн «Чхве Хён» эсминецин карап жатып, Ким өлкөнүн айланасындагы коопсуздук кырдаалы «ядролук программаны тез арада кеңейтүүнү» жана аскер-деңиз күчтөрүн ылдам өнүктүрүүнү талап кылып жатканын белгиледи.
«Ким Чен Ын АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик кызматташтыгынын күчөшү жана күч көрсөтүүсү алардын согушту тутандырууга умтулушунун эң айкын далили жана аймактагы тынчтык менен коопсуздукту бузган башкы себеп», — деген анын сөзүн Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги (KCNA) келтирди.
Мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, КЭДР лидери жаңы кеменин курал системалары боюнча отчетту уккандан кийин, «флотту ядролук курал менен жогорку технологиялык жабдуу боюнча негизги милдеттер пландалгандай этап-этабы менен аткарылып жатканына» канааттанганын билдирген.
Июль айында Түндүк Кореянын Жогорку Элдик Жыйынынын төрагасы Пак Ин Чхоль АКШ менен Түштүк Корея «ядролук согушка даярданып жатышат» деп билдирген. Анын айтымында, бул КЭДРди зарыл чараларды кабыл алууга мажбур кылууда.
Буга чейин Түштүк Корея менен АКШ КЭДРди ядролук куралдан ажыратуу ниетинде экени кабарланган.



















