Кениядагы Адам укуктары боюнча комиссиянын баш кеңсесинде өтүп жаткан басма сөз жыйыны учурунда куралчан белгисиз топ кол салуу жасады.
Бул тууралуу Agence France-Presse (AFP) агенттиги билдирди.
«Белгисиз адамдар эшикти бузуп киришти, — деп айтылат күбөлөрдүн сөзүндө. — Алар залга кирип барып, басма сөз жыйынына келгендерге кол салып, уурулук кылышты. Алар жыйынга чогулган адамдар нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат деп билдиришкен». Кол салгандардын саны болжол менен он киши болгон.
Басма сөз жыйыны Кенияда 7-июлда өтө турган «Саба Саба күнү» — оппозициянын жыл сайын өткөрчү нааразычылык акциясына байланыштуу уюштурулган. Бул дата Кенияда 1990-жылдын 7-июлунда жалпы улуттук демонстрация менен белгилүү, анда эл эркин шайлоолорду өткөрүүнү талап кылган.
Оппозициянын лидерлери бийликти митингдер учурунда полициянын күч колдонушуна жол бербөө жөнүндө эскертишти. WDM-K кыймылынын лидери Калонзо Мусиока мындай деди:
«Дүйшөмбү күнү күч түзүмдөрүнүн аракеттерин кылдат байкап турабыз. Эгерде бийлик катаал чараларды колдонсо, биз ага жооп кайтарабыз».
Акыркы жумаларда Кенияда митингчилер менен белгисиз топтордун кагылышуусунан улам чыңалуу күчөп жатат. Бул топтор демонстрацияларды таратууга аракет кылышууда. Июнь айында өткөн нааразычылык акцияларында жана башаламандыкта 19 адам каза болгон. Эл негизинен ар кандай деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн башкаруусуна жана полициянын күч колдонуп жатканына нааразы болууда.




















