Казанда БРИКСтин XVI саммити уланууда. Уюм кеңейгенден бери биринчи жолу анын мүчөлөрү жаңы курамда жолугушту. Ага 36 өлкөнүн жана алты эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.
БРИКС 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Орусия 2024-жылдын 1-январынан бери БРИКСке төрагалык кылууда. Жыл биримдикке жаңы мүчөлөрдүн кириши менен башталды – Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары азыр ага Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кирет.
Орусиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө.
23-октябрда биримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле биргелешкен декларация кабыл алышты. Талкуунун негизги темалары – каржылык кызматташтыкты тереңдетүү жана уюмду мындан ары кеңейтуу болду.
Кечинде БРИКС өлкөлөрүнүн делегация башчылары Казань саммитинде бейформал кечки программанын алкагында салтанаттуу концертке күбө болушту.
Ошол эле күнү РФ президенти Владимир Путиндин атынан БРИКС саммитинин коноктору үчүн салтанаттуу кабыл алуу болду. Иш-чарага БРИКС өлкөлөрүнүн делегация башчылары жана биримдиктин “БРИКС плюс/аутрич” форматындагы иш-чараларына катышуу үчүн Казань шаарына келген лидерлер катышты.
Саммиттин акыркы күнү, 24-октябрда “аутрич”/”БРИКС плюс” форматында сессиялар өттү.




























Discussion about this post