Казакстандын Түркстан облусунда 240 миң тонна жашылча үчүн дүйнөдөгү эң чоң күнөскана комплекси курулат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен Орусиянын ЭКО-Культура агроөнөр жай холдингинин жетекчиси Александр Рудаковдун жолугушуусунда белгилүү болду, деп жазат Tengrinews.kz Kursiv басылмасы.
Күнөскананын жалпы аянты 500 гектарды түзөт. Биринчи этапта жылына 28 миң тоннадан ашык помидор өндүрө турган 51 гектар жер өздөштүрүлөт.
Өндүрүлгөн продукция ички рынокто сатылат жана экспортко да чыгарылат. Долбоордун биринчи бөлүгүн келерки жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Рудаковдун айтымында, күнөскана бүткөрүлгөндөн кийин дүйнөдөгү эң чоң күнөсканага айланат.
«ЭКО-культура» экологиялык жактан таза күнөскана жашылчаларын өндүрүү боюнча ири агроөнөр жай холдингдердин бири экенин жарыялайт. Ал мындан 13 жыл мурда негизделген. Холдингдин ээлери 49 пайыз акцияга ээ Ирина Ашинова жана 51 пайыз үлүшү менен Рудаков болуп саналат. Жылына өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 300 миң тоннадан ашат. Холдингдин президенти – Вадим Шаблаков.



















