18–20-декабрда Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Японияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Tengrinews.kz Ак ордонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчы Япониянын императору Нарухито, премьер-министри Санаэ Такаичи, ошондой эле Япониянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү.
Мындан тышкары, Казакстандын Президенти «Борбордук Азия – Япония» саммитинин ишине катышат.
Эске салсак, август айынын аягында Касым-Жомарт Токаев Астанада Япониянын тышкы иштер министри менен жолуккан.
«Япония — Азиядагы биздин ишенимдүү жана жакын өнөктөшүбүз. Биз Токио менен ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө маани беребиз. Премьер-министр Шигэру Ишибеге жылуу саламымды жеткирүүнү өтүнөм. Анын Казакстанга расмий сапарын чыдамсыздык менен күтүп, даярданып жатабыз. Биздин мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат деп ишенимдүү айтууга болот», — деген Президент.
Жолугушууда Казакстандын Президенти менен Такэши Ивая казак-япон кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин соода-экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашкан.



















