Казакстандын Тараз шаарында Париж олимпиадасынын чемпиону, дзюдочу Элдос Сметовго сый көрсөтүлдү. Спортчуга жана анын машыктыруучусуна батирлердин жана автоунаалардын ачкычы тапшырылды.
Тараз шаарында XXXlll жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Элдос Сметов менен анын машыктыруучусуна батирлердин жана автоунаалардын ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги билдирди.
Акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, спорт чеберине таазим кылууга 15 миңге жакын жамбылдыктар чогулду. Салтанатта Жамбыл районунун акими Эрбол Карашукеев куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал Парижде Олимпиада чемпиону болгон Элдос Сметовго жана анын машыктыруучусуна терең урмат-сый билдирди.
Аким Олимпиада чемпионуна демөөрчүлөр тарабынан белектерди тапшырды: Тараз шаарындагы 5 бөлмөлүү пентхаус жана акыркы үлгүдөгү Lexus 600. Ал эми балбандын жеке машыктыруучусу Галымжан Жылгелдиевге 2 бөлмөлүү батирдин жана Hyundai Santa Fe автоунаасынын ачкычын тапшырды.
Эске сала кетсек, Элдос Сметов Парижде өткөн XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында өлкөнүн биринчи алтынын корзинага салып, жеңишке жеткен. Татами чебери буга чейин 2016-жылы Рио Олимпиадасында күмүш, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада коло байгени алган.



















