Казакстандык Кабирхан күлүгү Дубайдагы жарышта кайрадан биринчи орунду жеңип алды. Бул тууралуу Massaget.kz. маалымат булагы билдирди.
26-январь, жума күнү казак күлүгү жалпысынан 12 белгилүү аттар менен Al Maktoum Challenge (Group 1) Presented By Longines жарышына катышкан. Кабирхандын атаандаштарынын арасында Мими Какуши (Mimi Kakushi), Атлетико Эль Кулано (Atletico El Culano), Клэптон (Clapton), Ферст Конститьюшен (First Constitution), Милитари Ло (Military Law) деген атактуу күлүктөр болгон.
Жарыштын жыйынтыгында казакстандык күлүк бир миллион АКШ доллары суммасындагы баш байгени жеңип алган.
Төрт жашар Кабирхан дүйнөдөгү эң ылдам чуркаган күлүктөрдүн бири болуп саналат. 12-январда да казакстандык күлүк Дубайда 2000 метр аралыкка чуркоого катышып, анда 15,5 миллион тенге сыйлыкты жеңип алган болчу.



















