Казакстанда өлкө тууралуу терс пикир айткан чет өлкөлөрдүн жарандары атайын тизмеге киргизилүүдө жана алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат.
Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.
“Албетте, бул тизмени биз түзүп жатабыз. Бирок бул жумушчу тизме, биз аны ачыкка чыгарбайбыз. Санын дагы айта албайм. Өлкө жөнүндө жагымсыз пикир айткандар көңүл сыртында калбайт. Алар үчүн чек ара жабылат, өлкөгө киргизилбейт”, – деди Смадияров.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул тизме ар бир мамлекет тарабынан жүргүзүлөрүн кошумчалады.