Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соодасы кыскарды, деп жазат Zakon.kz.
2024-жылдын биринчи кварталында Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 31,2 миллиард долларга жеткен. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6% аз.
Мында Борбордук Азия өлкөлөрү (Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) менен товар жүгүртүү жалпы көлөмүнүн 5,1% түзүп, 1,6 млрд долларга жеткен. Мындай маалыматтар Экономикалык изилдөө институтунун сайтында берилген.
Казакстан Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүү көлөмү төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
Өзбекстан – 895,5 млн доллар (55,8%);
Кыргызстан – 337,7 млн доллар (21,1%);
Тажикстан – 264,8 млн доллар (16,5%);
Түркмөнстан – 105,3 млн доллар (6,6%).
Акыркы беш жылдыктын ушул эле мезгилинде Казакстандын Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалды.
Бирок 2024-жылдын биринчи кварталы Өзбекстан менен 16,2%га, Кыргызстан менен 7,5%га, Тажикстан менен 13,7%га жана Түркмөнстан менен 5,2%га соода жүгүртүүнүн төмөндөшү менен мүнөздөлөт, деп айтылат изилдөөдө.
2024-жылдын биринчи кварталында Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорту 1,2 миллиард долларды түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9% аз, деп белгилейт kapital.kz порталы.
Бул буудайдын экспортунун көлөмүнүн 38,3%га, телефондук аппараттардын 20,3%га, алтындын 41,9%га төмөндөшүнө байланыштуу.
Экспорттун түзүмүндө буудай – 16,8% (204,3 млн. доллар), телефондор – 4,7% (57,7 млн. доллар), минералдык жана газдалган суулар – 3,9% (48,2 млн. доллар), темир жана болоттон жасалган материалдар – 3,7% (45,4 млн. доллар) ж.б.
Бул мезгилде Борбордук Азия өлкөлөрүнөн импорт 385,3 миллион долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,5%га аз.
Импорттун түзүмүндө төмөндөгүлөр басымдуулук кылат: жеңил автомобилдер үчүн кузовдор – 12,1% (46,5 млн. доллар), баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары – 7,4% (28,7 млн. доллар), жеңил автомобилдердин кыймылдаткычтары – 6,4% (24,5 млн. доллар) ж.б.


















