Казакстандын Алматы облусундагы “Сорбулак” суу сактагычынын аймагында 25-июлда дайынсыз жоголгон Абадан коргонуу күчтөрүнүн ЕС-145 тик учагынын экипаж мүчөлөрүн табуу боюнча масштабдуу издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Операцияга 400гө жакын адам, 70тен ашык жер үстүндөгү техника, 21 суу кемеси, 10 дрон, эхо-зонаторлор, суу астындагы сканерлөөчү аппараттар, ошондой эле кинологиялык топтор катышууда.
Жеринде командачылыкты Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн башкы командачысы генерал-майор Избасов Аскар Гадылшиевич аткарып жатат. Ал бардык тартылган бөлүмдөрдүн аракеттерин координациялайт”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, издөө иштери күнү-түнү токтобойт. Акваторияны жана жээк зонасын, анын ичинде жетүүгө кыйын болгон аймактарды комплекстүү изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары дайынсыз жоголгондордун жакындары менен такай даректүү иш уюштурулуп, аларга операциянын жүрүшү тууралуу ыкчам маалымат берилип жаткандыгын кошумчалады министрлик.
“Бул табигый жана техногендик өзгөчөлүктөр жогорку тактыкты, техникалык жабдууларды жана операциянын бардык катышуучуларынын макулдашылган аракеттерин талап кылат. Издөө-куткаруу иштери акыркы жыйынтыктар алынганга чейин уланат”, – деп белгиленет.
“Сорбулак” – КМШдагы жана дүйнөдөгү эң чоң жасалма агынды сууларды сактоочу көлдөрдүн бири.
Көлдүн максималдуу узундугу 35 км, туурасы 15 кмге чейин, эң тереңдиги 22 м, жер үстүндөгү аянты 58 чарчы км.
Эскерте кетсек, 25-июлда Алматы облусунда абадан коргонуу күчтөрүнүн ЕС-145 тик учагы радардан жоголуп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, учакта экипаждын үч мүчөсү болгон. Учактын сыныктары 26-июлда табылган.



















