Казакстанда коомдук жайларда хижаб жана башка диний кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн.
Бул тууралуу республиканын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева билдиргенин казак ЖМКлары жазды.
Балаева дин маселеси тууралуу айтып жатып, кеп калктын динчилдигинде эмес, диний сабатсыздыгында болуп жатканын айткан.
«Бүгүнкү күндө салттуу эмес диний агымдар салттуулар менен катар активдүү иш алып барууда, ошондуктан министрлик үч багытта иш алып барууда. Бул деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды аныктоо үчүн социалдык тармактарда жана интернет басылмаларда күнү-түнү мониторинг жүргүзүү», — деди Балаева Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде.
Ал 1-январдан сентябрдын аягына чейин терроризмди жана диний экстремизмди пропагандалоонун принциптерин камтыган 14 860 материал аныкталганын белгиледи.
Министр дин боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилерин, анын ичинде коомдук жайларда хижаб жана никаб кийип жүрүүгө тыюу салган чаралар караларын кошумчалады.
Балаева бул дүйнөдө колдонулган тажрыйба экенин, анткени маселе улуттук коопсуздукка барып такаларын белгиледи.
«Коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөндөрдүн ким экенин аныктоо өтө кыйын», — деди Балаева.
Ошол эле учурда ал бул маселе коомчулук менен бирге караларын кошумчалады.