Казакстанда коомдук жайларда адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдерди кийүүгө тыюу салынышы мүмкүн.
Бул маселе Сенаттын 10-июндагы жыйынындагы “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда каралганын Tengrinews.kz. агенттиги жазды.
Сенаторлордун айтымында, бул демилге ишке ашса “бетти таанууга тоскоол болгон кийимдерди колдонуу менен жасалган” укук бузуулардын алдын алууга жардам берет.
Адамдын бетин жапкан кийимдер мыйзамдын талаптарын сактоо үчүн медициналык максаттарда, жарандык коргонууда, белгилүү бир аба ырайынын шарттарында жана спорттук жана маданий иш-чараларга катышууда колдонулган учурлар өзгөчө болушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, мындай кийимдерге тыюу салынышы ыктымал деген талкуулар Казакстанда бир нече жылдан бери уланып келет.
2023-жылдын октябрында Маданият жана маалымат министри Аида Балаева хиджаб жана никаб кийүүгө тыюу салынышы мүмкүн экенин айткандан кийин тыюуга каршы чыккан жаш кыздардын флешмобу өткөн.
2024-жылдын март айында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев никабды казакстандык аялдарга радикал неофиттердин таңуулап жаткан кийиминин архаикалык түрү деп атаганын Оrda.kz агенттиги жазган.
Ал эми июнь айында Мажилистин депутаты Ермурат Бапи депутаттар коомдук жайларда диний кийим кийүү маселесин 2024-жылдын күзүндө эле карай турганын билдирген.
“Маселе хиджабда эмес. Ал эми исламдын деструктивдүү агымдары Казакстандагы улуттук каада-салттарга зыянын тийгизип жатканы чындык. Эгерде биз светтик мамлекет катары өнүгөбүз десек, сырткы идеологиялардын жана тышкы диний таасирлердин астында калбашыбыз керек” – деген ал.
Никаб, паранжага тыюу салынган өлкөлөр
Бир катар өлкөлөрдө коомдук жайларда никаб жана паранжа кийүүгө, ошондой эле бетти жашырган башка кийимдерге тыюу салынган. Мындай өлкөлөрдүн арасында, Франция, Австрия, Бельгия, Дания, Голландия, Болгария, Швейцария, Германия, Алжир, Тунис, Египет, Камерун, Чад, Конго Республикасы, Кытай, Шри-Ланка, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан бар.
Өзбекстан
Өзбекстанда 2023-жылы ноябрда президент Шавкат Мирзиёев коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийген адамдарга айып пул салууга уруксат берген мыйзамга кол койгон.
Өзгөртүүлөргө ылайык, медициналык диагноздун же рецепттин негизинде бетти жашырган кийимдер, ошондой эле жумушка жана кызматтык иштерге байланыштуу кийимдер өзгөчө болушу мүмкүн экендиги белгиленген.
Мыйзам жол бербеген деңгээлде жүзүн жаап коомдук жайларда болуу 3,3 миллиондон 4,95 миллион сумга чейин айып салууга алып келет.
Тажикистан
2024-жылдын июнь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Майрамдарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Анда башка мыйзамдар менен катар “улуттук маданиятка жат кийимдерди алып келүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө” тыюу салынган.
Мындай кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана кийүүгө тыюу салууну бузган адамдарга 7 920 сомони, ал эми кызмат адамдарына 39 600 сомони айып пул салынышы мүмкүн экендиги кабарланган.
Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга 2025-жылдын 21-январында кол койгон.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзам мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
2025-жылдын 2-апрелинде УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын имаратында прокуратура, милиция, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешмеде “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу үчүн биргелешкен иш-чаралар планы түзүлгөн.
Андан кийин көп өтпөй, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда никаб кийгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук жайларда никаб кийбөө керектиги эскертилген.
“Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда никабдарды кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган”- деп айтылган маалыматта.



















