«Казгидрометтин» синоптиктери 25–27-августка карата аба ырайынын болжолун жарыялады.
Түндүк жана чыгыш аймактарда жаан-чачын жана күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым жерлерде жаан катуу жаап, мөндүр түшүп, катуу шамал болушу мүмкүн. Чыгыш жана түштүк-чыгыштын тоолуу райондорунда 26–27-август күндөрү түнкүсүн жаан жаап, нымдуу карга өтүшү ыктымал.
Өлкөнүн батышында жана түштүгүндө негизинен кургак аба ырайы күтүлөт.
Ошол эле учурда аймактардын басымдуу бөлүгүндө жылуу аба ырайы сакталат: түндүктө +25…+32 градус, борбордук жана түштүк аймактарда +25…+35 градус, чыгышта +20…+31 градуска чейин жетет.



















