Казакстандын Караганды облусундагы “Казахстанская” шахтасында чыккан өрттөн эки шахтер каза болуп, ооруканага түшкөн шахтерлордун саны 13ке жетти. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды.
Учурда дагы үч кенчини издөө иштери уланууда.
Расмий маалымат боюнча 17-август күнү саат 10до шахтанын ичинде конвейер лентасы күйүп кетип, өрт чыкан. Кенчилер жер үстүнө көтөрүлө баштаган, бирок кырдаал түтүнгө байланыштуу татаалдашып кеткен. окуя болгон учурда жер алдында 227 киши болгон, эвакуация учурунда куткаруучулар 222 кишини жер үстүнө чыгарышкан.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кырсыктын себептерин ар тартаптуу иликтөөнү жана жабыркагандарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.
Учурда шахтадагы өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду.
«Казахстанская» шахтасы — Караганды облусунун Шахтинск шаарында жайгашкан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын сегиз шахтасынын бири. Ал жерден көмүр казылат. Бул 1957-жылы түптөлүп, 1969-жылы ишке берилген аймактагы эң эски шахталардын бири.
Былтыр ноябрда ушул эле компанияга караштуу Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болгон.