Казакстанда жергиликтүү адистер иштеп чыккан рак илдетине каршы дарынын адамдарга жасалган сыноонун биринчи этабынын жыйынтыгы жоон ичеги рагы менен ооруган бейтаптарда шишик орто эсеп менен 30%га кичирейгенин көрсөттү.
Бул тууралуу Казакстандын Жогорку билим жана илим министри Саясат Нурбек билдиргенин казак ЖМКлары жазды.
Анын айтымында, алар оорунун эң агрессивдүү түрлөрүнүн бири болгон жоон ичеги рагынын 4-стадиясын тандап алышып, клиникалык сыноонун биринчи этабында ыктыярчы 15 бейтап катышкан. Жыйынтыгында дары өз натыйжалуулугун көрсөтүп, шишик орто эсеп менен 30 пайыз кичирейген.
Министр эми дарынын таасирин параллелдүү түрдө рактын ар кандай түрү менен ооруган адамдарга массалык түрдө сыноо керектигин белгиледи. Ал препаратты сыноонун экинчи этабына 3 миң адам катыша турганын кошумчалады.
Анын айтымында, сыноонун экинчи этабы үч шаарда – Алматы, Астана жана Павлодарда жүргүзүлөт.
Январь айында Саят Нурбек Казакстанда онкологиялык клеткалардын азыктануу процессин жок кыла турган ракка каршы жаңы D-VC (Made in Kazakhstan) препаратын иштеп чыгуу боюнча активдүү иш жасалып жатканын билдирген.
Министрдин айтымында, бул препаратты иштеп чыгуу менен Назарбаев университетинин улуттук лабораториясын жетектеген казакстандык биотехнолог Дос Сарбасов алектенет.




















