Казакстандын Мангыстау облусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен “Бирлестик-2024” аскердик машыгуулары өттү. Командалык штабдык машыгуунун жыйынтыктоочу этабында Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Азербайжандын коргоо министрлери катышышты.
Машыгуулар Оймаша полигонунда, ошондой эле Токмак тумшугуна жакын деңиз зонасында өткөнүн Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди. Белгиленгендей, согушкерлердин топтору кургактык аймагына көчүп кетишкен. Бөлүмдөр чалгындоо, миналоо иштерин жүргүзүп, ортодогу базаны бөгөп, кургактагы жана деңиздеги согушкерлерди жок кылышты.
Операцияга деңиз жана аба десанттары, чабуул коюучу эшелон, мобилдик атышуу тобу, ракеталык жана артиллериялык кемелер, армия жана фронттук авиация тартылган.
Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков чогулгандарды машыгуунун аякташы менен куттуктады. Ал белгилегендей, куралдуу жаңжалды локалдаштыруу боюнча биргелешкен операция аскердик чеберчиликти жогорулатууга багытталган.
«Машыгуунун максатына жетүү үчүн чыныгы согуштук шарттарга жакын болгон кырдаал түзүлгөн. Куралдуу күчтөрдү кайра топтоо жана биргелешкен аскерлер тобун түзүү маселелери иштелип чыкты», – деп тактады Руслан Жакшылыков.
Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар аскер кызматкерлери эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медалдар жана сувенирлер менен сыйланышты.


















