Казак полициясы беш күн бою жеке транспорт менен алектенген унааларды жана айдоочуларды текшерген.
Укук коргоо кызматкерлери “Коопсуз жол” операциясынын жүрүшүндө жүздөгөн миграциялык эрежелерди бузуу фактыларын аныкташкан. Текшерилген унаалардын саны өлкө боюнча 46 миңдин тегереги болгон.
Бул маалыматты “Zakon.kz” маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, тартип сакчылары рейд учурунда жеке транспорт менен алектенген 1080 чет элдикти аныкташкан, алардын 691и миграциялык мыйзамдарды бузган.
«Мыйзамсыз эмгек кылгандыгы үчүн 234 чет элдик, ал эми Казакстан Республикасында болуу мөөнөтүн бузган 457 чет элдик жаран жоопкерчиликке тартылды. Соттун чечими менен 175 чет элдик таксист өлкөдөн чыгарылды. Анын ичинен 103 адам өздүгүн тактоо үчүн кабыл алуу-бөлүштүрүүчү жайларга жайгаштырылды», – деп айтылат Казакстандын Ички иштер министрлиги берген маалыматта.
Белгиленген мыйзам бузуулардын ичинен 234 чет элдик мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгү үчүн, 457си өлкөдө жүрүү шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган.
Сот 175 чет элдик таксистти депортациялоо чечимин чыгарса, алардын 103ү өздүгүн аныктоо максатында убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан тышкары, 38 казакстандык чет элдик жарандарды жумушка мыйзамсыз тартканы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.
Полиция белгилегендей, айрым казакстандыктар унааларын чет элдиктерге ижарага беришкен. Мындай фактылардын бешөө борбор калаада, Алматы, Мангистау жана Батыш Казакстан облустарында катталган.



















