Казакстанда 1,6 миллиард долларга өлкөдөгү биринчи карбамид заводу курулат.
Өкмөт Маңгыстау облусунун аймагында аммиак-карбамид комплексин куруу долбоору боюнча Өнөр жай жана курулуш министрлиги менен “KazAzot PRIME” ЖЧКсынын ортосунда түзүлө турган инвестициялык келишимге кол коюуну жактырганын республиканын премьер-министринин басма сөз кызматы кабарлады. Тиешелүү токтомго премьер-министр Олжас Бектенов кол койгон.
Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 804,2 миллиард теңгени (1,6 млрд. доллар) түзөт. Ишкананы пайдаланууга берүү 2030-жылга белгиленген. Курулуш мезгилинде болжол менен 1,5 миң жумуш орду түзүлсө, завод ишке киргенден кийин 700 адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.
Актауда салына турган комплекс жылына 660 000 тоннага чейин аммиак, болжол менен 580 000 тонна карбамид жана 500 000 тонна аммиак селитрасын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Казакстанда карбамид өндүрүлбөйт жана бул жер семирткич коңшу өлкөлөрдөн импорттолот.
Карбамид — айыл чарбасында кеңири колдонулган азоттук жер семирткич. Ал ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жана бардык түрдөгү топурактарда негизги жер семирткич катары пайдаланылат. Ошондуктан ички рынокто ага болгон суроо-талап жогору бойдон калууда.
Азыркы учурда өлкөдөгү азоттук жер семирткичтерди өндүргөн жалгыз ата мекендик ишкана — «КазАзот» акционердик коому.
Актаудагы долбоордон тышкары, Казакстанда карбамид өндүрүү боюнча дагы эки ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Алар — KazESTA компаниясынын жана KMG PetroChem менен СНПС-Актобемунайгаз компанияларынын биргелешкен долбоорлору. Бардык инвестициялык долбоорлор ишке киргенден кийин, 2030-жылга карата Казакстанда аммиак продукциясынын өндүрүш көлөмү 2,3 миллион тоннага чейин жетет.



















