Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги этностор аралык жана диндер аралык чыр-чатактарды болтурбоо жаатында мыйзамдарды катаалдаштырууну демилгеледи. Бул маалыматты “Настоящее время” агенттиги жарыялады.
Маалыматка караганда, өлкөнүн Маданият жана маалымат министри Аида Балаева белгилегендей, бүгүнкү күндө Казакстанда 18 конфессиянын өкүлү болгон 4 миңге жакын диний бирикмелер каттоодон өтүп, өлкө улуттук биримдикти чыңдоо саясатын улантып жатат.
Анын айтымында, диндер аралык жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу маанилүү.
«Бул маселени укуктук жактан камсыздоо процессин тездетүү зарыл», – деди Аида Балаева.
Ошондой эле медиа мейкиндигинде деструктивдүү контенттин алдын алуу жана дезинформация менен күрөшүү боюнча иштер күчөтүлөт.
«Элдин ынтымагын чыңдоо жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү баарыбыз үчүн жалпы приоритет. Жалпы максатка жетүү үчүн бирге аракет кылалы!”, – деп кошумчалаган ал.
Казакстандык массалык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, январдын башында казакстандык журналист Дана Орманбаева улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча эл аралык издөөгө алынган. Ал эми Алматы полициясы “Жарандарды улутуна карап басмырлаган” “Йо, орустар” ырынын авторлорун издеп жатканы тууралуу маалымат чуу жараткан.
Бул боюнча орусиялык ТАСС агенттиги да билдирүү тараткан.
“Казакстанда орусиялыктарды мазактаган ырдын автору аныкталды” деген материал жарыялап, Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Галымжан Койгелдиевдин беренеде улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн гана эмес, ошондой маалыматтарды камтыган материалдарды тараткандыгы үчүн да жоопкерчилик каралганын билдиргендигин жазган.
2014-жылы казак бийлиги бул берене боюнча жазаны катаалдаткан: андан кийин эң жогорку мөөнөт 12 жылдан 15 жылга чейин көбөйтүлгөн. Жаңы сунуштар боюнча эң жогорку жазаны 20 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо.
Бирок, айрым казакстандык серепчилер бул беренеге айрым учурда “саясий боек” берилип калышы да мүмкүн экендигин белгилешүүдө.
Ырчы Кайрат Примбердиевге Кенесары хан жөнүндө айткан сөздөрү боюнча кылмыш иши козголду
“Улуттар аралык кастыкты козутуу” боюнча кылмыш ишин козгоо Кыргызстанда да катталды.
Буга кыргызстандык ырчы Кайрат Пиримбердиевдин Казакстанга барып, тарыхый окуялар боюнча берген маеги себеп болгон.
Кечээ, 10-февраль күнү УКМК ырчы Кайрат Примбердиевди кармап, ага «Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишин козгоду.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирүү таратты.
Билдирүүгө караганда, ырчы Казакстандын “Айран Медиа” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн кармалган. Ошондой эле ага сыртка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул үчүн мыйзамда он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Эске салсак, 2025-жылдын январь айынын башында казакстандык “Айран Медиа” долбоору кыргыз-казак мамилелерине атайын чыгарылышын арнаган. Программада ырчы Кайрат Примбердиев казактардын ханы Кенесарынын башы үчүн өз атынан кечирим сураган маеги чыккан.
Бул маек жарыялангандан кийин кыргызстандыктардын да талкуусуна жем таштап, ар кандай пикирлерди жаратты. Көпчүлүк эл “ырчы ырын ырдап жүрө бербейби, тарыхка тиши өтпөгөндөн кийин” деген сындарды жаадырышууда.



















