Казак бийлиги Тажикстанга 15 миң тонна мазут түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү.
Казакстандын элчиси Валихан Туреханов Тажикстан өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер агенттигинин директорунун орун басары Сохибжон Зиёдуллоевге 15 миң тонна мазуттун сертификатын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Казакстандын элчиси Валихан Туреханов өз сөзүндө президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Тажикстанга өлкөнүн маанилүү энергетикалык объектилеринин туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында 2 миллиард 542 миллион теңге (болжол менен 5,65 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынганын белгиледи.
Гуманитардык жүктү жеткирүү Казакстандын KazAID эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жардамы менен ишке ашырылган.
Бул колдоо энергетикалык коопсуздукту камсыздоого салым, ошондой эле Казакстан менен Тажикстандын көп кылымдык өз ара аракеттенүүсүнө мүнөздүү болгон стратегиялык мамилелердин көрүнүшү болуп саналат.
2006-жылдан бери казак тараптын Тажикстанга берген гуманитардык жардамынын жалпы көлөмү акчалай түрдө 45 миллион АКШ долларын түздү.
Белгилей кетсек, Тажикстанда мазут негизинен Душанбе жылуулук электр борборунда күз-кыш мезгилинде жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонулат.
Буга чейин казак бийлиги Тажикстандагы дарыгерлерге медициналык жабдууларды жөнөткөндүгү маалымдалган. BARK VibroLUNG виброакустикалык аппараттары медициналык мекемелерде өпкө ооруларын дарылоого арналган. Жалпысынан үч аппарат өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, март айынын башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетин жоюуда Кыргызстанга колдоо көрсөтүү максатында мамлекеттик материалдык резервден дизель майы түрүндөгү 2 миң тонна гуманитардык жүк бөлүнгөн.






















