Бүгүн, 23-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Асим Мунирды кабыл алды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда коргонуу жана аскердик билим берүү тармагындагы кызматташуу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Казакстан Пакистанды Түштүк Азиядагы маанилүү өнөктөш катары карай турганын баса белгилеп, эки тараптуу мамилелерде позитивдүү динамика бар экенин билдирди.
Президенттин айтымында, тараптар экономикалык байланыштарды, анын ичинде соода, транспорт жана логистиканы чыңдоо үчүн олуттуу потенциалга ээ.
Өз кезегинде генерал Асим Мунир Казакстан менен Пакистандын коргоо ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн оң тенденциясын белгиледи.
Алар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча дем берүүнүн, ошондой эле экономиканын өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарында болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.



















