Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин атынан Ооганстан элине гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Темир жол аркылуу кеткен гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 2,2 миң тоннаны түзөт. Гуманитардык жардам Казакстандын “KazAID” эл аралык өнүктүрүү агенттигинин көмөгү менен жеткирилди.
Бул маалыматты Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Балх провинциясындагы «Хайратон» темир жол станциясы аркылуу жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 2 миң тоннадан ашык. Анда өсүмдүк майы, буудай уну, күрүч жармасы, кышкы жана жайкы чатырлар, жууркандар бар.
Негизги дары-дармектерди камтыган гуманитардык жардамдын өзүнчө партиясы аба аркылуу жөнөтүлөт.
Муну Казакстандын Ооганстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Газиз Акбасов дагы ырастады.
«Казакстан ооган элин үзгүлтүксүз колдоону, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы достук жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү ырааттуу жактайт. Ал гуманитардык чөйрөдө гана эмес, тоо-кен өнөр жайы, транспорт, логистика жана айыл чарба тармактарында да кызматташууну тереңдетүүгө даяр»,- деди Газиз Акбасов.
Маалыматта белгиленгендей, 21-23-апрель күндөрү Казакстандын вице-премьер-министри жана улуттук экономика министри Серик Жумангарин баштаган казак делегациясынын Кабулга сапары пландалган.
Сапардын алкагында ооган бийликтери менен жолугушуулар жана казакстандык товарлардын көргөзмөсү болот.



















