Казакстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара визасыз режим 10-ноябрдан тарта күчүнө кирди. Эми эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында чек арадан өткөндөн кийин 30 күн визасыз жүрө алышат.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, визасыз режимдин алкагында жарандар коңшу өлкөнүн аймагында 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашык жүрө албайт. Эгер жаран бир барганда 30 күндөн ашык жүрүүнү кааласа, анда алдын ала тиешелүү категориядагы виза алышы керек болот.
Мекеме буга чейин визасыз режим жумушка орношууга, билим алууга жана миссионердик ишмердүүлүк менен алектенүүгө укук бербей турганын билдирген.
Быйыл апрелде Казакстандын авиациялык бийлиги “Алматы-Бээжин”, “Астана-Бээжин”, “Алматы-Үрүмчү” жана “Астана-Үрүмчү” багыттары боюнча аба каттамдарынын саны көбөйгөнүн кабарлаган.
Казакстан өткөн жылы жайында Кытайдын жарандарына өлкө аймагында 14 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген. Өкмөт бул чечимин кытай туристтерин тартуу аракети менен түшүндүргөн.



















