Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Илхам Алиев Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлганынын 20 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү жасашты.
Бул тууралуу Акордага шилтеме берип “Казинформ” агенттиги жазды.
“Азербайжан президентинин Казакстанга мамлекеттик сапарынын алкагында энергетика, транспорт жана логистика, санариптештирүү жана жасалма интеллект, өнөр жай коопсуздугу, саламаттыкты сактоо жана статистика, маданий-гуманитардык байланыштар боюнча кызматташуу боюнча 15 документке кол коюлду”,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапар менен Казакстанга келген.
Касым-Жомарт Токаев жана Илхам Алиевдин төрагалыгы алдында Казакстан менен Азербайжандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйыны өттү.



















