Казакстанды МАГАТЭнин Ыраакы Чыгыш аймактык тобуна кабыл алуу тууралуу Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсү жарыяланды, деп белгилейт NUR.KZ.
Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бүгүн Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) Башкаруучулар кеңешинин жыйынында жарыяланган чечимди кубаттайт. Бул чечимге ылайык, Казакстан Агенттиктин Ыраакы Чыгыш аймактык тобуна кабыл алынды.
Билдирүүдө айтылгандай, аймактык топко кошулуу — МАГАТЭде мамлекеттердин Уставга жана Казакстандын демилгеси менен 2023-жылдын 29-сентябрында кабыл алынган МАГАТЭнин Башкы конференциясынын GC(67)/RES/15 резолюциясына ылайык, суверендүү тең укуктуулугун калыбына келтирүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле бул Астананын тынчтыкты жана глобалдык коопсуздукту сактоого, өзөктүк куралсыздандыруу жана жайылтпоону бекемдөөгө берилгендигин тастыктайт.
«МАГАТЭде суверендүү тең укуктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган мүчө мамлекеттердин аракеттерин жогору баалайбыз жана Ыраакы Чыгыш тобуна кирген өлкөлөргө колдоосу жана жогорку ишеними үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Бул чечим Казакстанга МАГАТЭнин жетекчи органдарынын ишине толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк берет. Жапырт кыргын салуучу куралдардан эркин дүйнөнү курууга багытталган эл аралык аракеттердин активдүү катышуучусу катары өлкөбүз атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу, ядролук технологияларды жоопкерчиликтүү пайдалануу жана ишеним менен ачык-айкындуулуктун эл аралык механизмдерин бекемдөө жаатында мындан ары да конструктивдүү салым кошууга даяр», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, буга чейин сентябрь айында МАГАТЭ конференциясынын алкагында Казакстан Республикасынын Атом энергиясы боюнча агенттигинин башчысы Алмасадам Саткалиев менен МАГАТЭ башчысы Рафаэль Гросси жолуккан.
Гросси Казакстандын аракеттеринин ырааттуулугун жана системалуулугун белгилеп, өзөктүк программа боюнча — аянтты тандоодон тартып даярдык көрүү жана курулуш иштери, объекттерди ишке киргизүүгө чейин — бардык этаптарда комплекстүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Бир жума мурун болсо, МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси дүйнөдөгү ядролук курал сыноолору тууралуу билдирүү жасап, алар мындан ары өткөрүлбөйт деген үмүтүн айтты.


















