Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду ЮНИСЕФ Казакстанды кызамыктын (корь) жайылышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгарды. Бул тууралуу “Хабар” телеканалы маалымдады.
25-декабрга карата расмий маалымат боюнча Казакстанда кызамык жуктургандардын саны 27 миңге жетти. Бийлик илдеттин жайылышынын себебин вакцинациядан баш тарткандардын көптөгүнөн көрүүдө.
Кечээ, 28-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетова кызамыктан эки бала чарчап калганын билдирди. Маалыматка караганда, эки наристе тең бирге чыга элек болчу.
«Хабар» телеканалы белгилегендей, Астананын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Сархат Бейсенова баш калаада кырдаал курч бойдон калып жатканын баса белгилеген. Күн сайын илдеттин 45ке чейин учуру катталып, динамикалуу өсүш байкалууда. Буга чейин Астанада күн сайын 35ке чейин кызамык оорусу катталып жатканы айтылган.
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык оорусун жуктургандардын саны 5 900 адамга жетип, алты бала көз жумду. Бул тууралуу 22-декабрда Министрлер кабинетинин кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйынында айтылды.




















