2026-жылдын 1-октябрынан баштап Алматы менен Ташкенттин ортосундагы эл аралык темир жол каттамында биринчи жолу “аялдар вагону” кызматы ишке киргизилет.
Бул тууралуу «Казакстан темир жолу» (КТЖ) компаниясынын туунду ишканасы болгон «Жүргүнчүлөрдү ташуу» акционердик коомунун басма сөз кызматы билдиргенин казак ЖМКлары жазышты.
Мындай вагондордо аялдар гана жүрө алышат. 7 жашка чейинки балдарга өзгөчө шарт каралган — аларды чоң киши сөзсүз коштоп жүргөн учурда вагонго киргизилет.
Билет сатып алууда «ӘЙ» деген белгиси бар вагонду тандоо керек. Бул белги вагондун аялдар үчүн арналганын билдирет. Мындай вагондорго билеттер аялдарга гана сатылат, ал эми жүргүнчүлөрдү аял коштоочулар тейлейт.
Бул кызмат өлкөдө аялдар үчүн өзүнчө вагондорду түзүүгө багытталган ири долбоордун бир бөлүгү болот. Анын ишке кириши менен Казакстанда мындай кызмат көрсөтүлгөн каттамдардын жалпы саны 14кө жетет. Буга чейин Казакстан темир жолдору бул кызматты 13 ички каттамда, анын ичинде Алматы менен Астананын ортосунда киргизген.
«Алматы — Ташкент эл аралык каттамы Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт», — деди «Жүргүнчүлөрдү ташуу» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Ануар Ахметжанов.
Компаниянын маалыматына караганда, программа ишке киргенден бери аялдар үчүн вагондордун кызматынан 946 миңден ашык жүргүнчү аял пайдаланган.

















