Эми Казакстанда чегирткени кайра иштетүү жана аны экспорттоо иши жанданат.
Өлкөдөгү өсүмдүктөрдү коргоо жана карантинди илимий-изилдөө институту Германиядагы кесиптештери менен биргеликте атайын жабдуулар менен чегирткени шал кылып кармоо жана жыйноо багытында изилдөө иштерин жүргүзүштү. Айыл чарба ишине көйгөй жараткан чегиртке маселесин ушундай жол менен чечип, кайра андан арбын киреше алууга боло турганын Казакстандын Улуттук агрардык илимий-агартуучу борборунун төрагасы Бауржан Касенов билдирген.
Бул тууралуу «АПК Новости» порталына шилтеме берип, versia.kg сайты жазды.
Касеновдун кошумчалаганындай, учурда БУУнун баамына караганда, дүйнөдөгү 2 миллиард киши чегиртке менен азыктанат: Африкада (Сенегал, Нигерия, ТАР), Түштүк Америкада (Мексика, Гватемала, Белиз), Азиядагы айрым мусулмандар жашаган өлкөлөрдө да (Тайланд, Кытай, Индонезия, Малайзия ж.б.) чегирткелер азык катары пайдаланылып жүрөт.
“Батыш өлкөлөрүнүн бул жааттагы муктаждыгы азырынча өздөштүрүлө элек. Бирок, Европада чегирткени кадыресе кайра иштетүүчү ишканалар бар, Нидерландыда курт-кумурскалардан азык өндүрүү ишканаларын өздөштүрүү боюнча гранттар бөлүнүп жатат”, — деген Б.Касенов.
Буга чейин маалым болгондой, чегирткени азык катары пайдалануунун коопсуздугу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) изилдөөлөрү аркылуу тастыкталган. Ал белокко бай келип, майлар жана башка микроэлементер да арбын. ФАОнун баамында, 2050-жылы дүйнө калкынын саны 9,1 миллиарддан ашып кетиши күтүлүүдө. Бул албетте, азык-түлүк маселесине да түз тиешелүү нерсе.
Азык катары пайдаланылуучу курт-кумурскалардын рыногунун көлөмү АКШда, Белгияда, Францияда, Улуу Британияда, Вьетнамда, Бразилияда жана Мексикада 2015-жылы 33 миллион доллар деп бааланса, Түштүк Кореяда 2017-жылы 142 миллион доллар деп аныкталган. Таиланд жыл сайын 1,14 миллион долларлык көлөмдө азык-түлүк үчүн пайдаланылуучу курт-кумурскаларды, анын ичинде чегирткени импорттойт. Бул өлкөнүн керектөөчүлөрү 1 килограмм чегирткени 7-11 доллардан алышат, ал эми эттин килограммынын баасы болгону 0,8ден 3 долларга чейин турат. Эми 2026-жылга карата азыкка пайдаланылуучу курт-кумурскалардын дүйнөлүк рыногу 1,5 миллиард долларлык көлөмгө жетет деп болжолдонууда.
Чегиртке жыйноо 2-3 аптанын ичинде канаты жетилгенге чейин жүргүзүлөт. Учурда бул багыттагы изилдөө иштери Россияда да жүрүүдө. Ал эми Өзбекстанда чегирткени дрондор аркылуу электр импулсу менен жыйноо сунушталууда. Анан электр тогунан улам шал болуп калган (өлгөн) чегирткелер жыйналып алынып, балыктарга жем катары пайдаланылмакчы.
Кенияда чөлдүн чегирткесин органикалык жер семирткич катары пайдалануу боюнча жабдуулар ойлоп табылган.
Казакстанда жарандарга чегирткени азык катары пайдалануу сунуш кылынбайт, бирок кайра иштеп чыгып, Таиландга жана башка өлкөлөргө экспорттоо жагы айтылууда.



















