Атырау шаарында жекшемби күнү, 13-июлда, аквапаркта 14 бала хлор буусунан ууланып калды. Бул тууралуу “Ак Жайык” басылмасы жазат. Полиция сотко чейинки териштирүүнү баштады.
Маалыматка ылайык, балдар сууга түшкөндөн кийин өздөрүн жаман сезе башташкан. 14 жабырлануучунун үчөөсү ооруканага жаткырылды, учурда алар облустук ооруканада дарыланып жатышат. Жабыркагандардын абалы тұрактуу экени белгиленет.
Окуядан кийин адистер алдын алуу иш-чараларын өткөрүшүп, суу менен абадан үлгүлөрдү алышкан. Азыркы убакта хлор боюнча нормадан ашкан көрсөткүчтөр табылган жок, лабораториялык изилдөөлөр уланууда.
Полиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Басылманын маалыматына караганда, областтык акимдин тапшырмасы менен эми бардык бассейндерде жана аквапарктарда текшерүү иштери жүргүзүлөт.
Хлор менен уулануунун белгилери
РИА Новости жазгандай, хлор менен курч уулануунун төрт формасы болот:
-
Заматта
-
Оор
-
Орто оордукта
-
Жеңил
Бардык формаларда газ менен дем алгандан кийин дароо реакция болот. Хлор дем алуу жолдорунун былжыр катмарын дүүлүктүрүп, коргонуу рефлекстерин пайда кылат (жөтөл, тамак кыжыры, көздөн жаш агуу ж.б.). Хлор былжыр катмардагы ным менен аралашып, токсикалык заттар — туз кислотасы жана активдүү кычкылтек түзүлөт.
Заматта ууланган формада (өтө жогорку концентрация):
-
Тамак кысылып, дем жетпей калат (ларингоспазм),
-
Эс-учун жоготуу,
-
Тарс этип жыгылуу (судороги),
-
Бет менен моюнда кан тамырлар шишийт,
-
Кокус заара кетүү, заара чыгарып жиберүү мүмкүн,
-
Бир нече мүнөт ичинде өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Оор формада:
-
Кыска мөөнөттүү дем жетпей калуу,
-
Андан кийин дем алуу жайлап, оорлоп калат,
-
Эс-учун жоготот,
-
5–25 мүнөт ичинде өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Орточо формада:
-
Акыл-эс сакталып турат,
-
Дем токтоп кайра калыбына келет, бирок дем жетишсиз,
-
2 саат ичинде дем кысылышы кайталанышы мүмкүн,
-
Көз кыжырланат, жаш агат, көкүрөк ооруйт, катуу жөтөл,
-
2–4 сааттан кийин өпкөдө шишик (токсикалык) пайда болот.
Жеңил формада:
-
Жогорку дем алуу жолдорунун дүүлүгүүсү байкалат,
-
Белгилери бир нече күнгө чейин сакталат.
Бардык учурларда тез арада дарыгерге кайрылуу абзел.



















