2024-жылдын 1-январынан тарта Казакстан мунай өндүрүүнү суткасына 82 миң баррелге азайтат. Бул тууралуу 30-ноябрда ОПЕК+ тобуна мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынынан кийин Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, натыйжада мунай өндүрүү көлөмү суткасына 1 468 миң баррелге чейин азаят.
Казакстан быйыл апрелде мунай өндүрүүнү 2024-жылдын декабрь айына чейин 78 миң баррелге азайтууга макул болгон.
Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, ОПЕК+ жана ОПЕКке мүчө эмес бир катар өлкөлөр мунай өндүрүүнү суткасына миллион баррелге кыскартуу боюнча алдын ала макулдашууга жетишти.
Батыш өлкөлөрү өткөн жылы орус мунайынын импортуна жана анын баасынын жогорку чегине чектөөлөрдү киргизген. Орусия өндүрүлгөн чийки затынын баарын сата албагандыктан мунай өндүрүүнү азайта баштаган. Орусиянын вице-премьер-министр Александр Новак буга чейин Кремль мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча бардык талаптарды сактайт деп ишендирген.



















