Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө вице-президент институтун түзүүнү жана келечектеги бир палаталуу парламентти Курултай деп атоону сунуштады. Бул өзгөртүүлөрдү Конституцияда бекитүү пландалууда, ал эми референдумдун датасын атайын комиссия аныктайт.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 20-январда өткөн Улуттук курултайдын V жыйынында өлкөдө вице-президент институтун түзүүнү жана аны Конституцияда бекитүүнү сунуштады.
«Эл ичинде “ар нерсенин өз учуру бар” деп бекеринен айтылбайт. Менимче, ал учур келди… Мен сунуштап жаткан бул жаңылык акыркы бир нече жылда ырааттуу куруп келген саясий түзүмдү толуктап, бир бүтүн кылат. Сөз Казакстан Республикасынын вице-президенти институтун түзүү жана аны Конституцияда бекитүү жөнүндө болуп жатат», — деди ал.
Анын айтымында, вице-президенттин ыйгарым укуктарынын чегин президент өзү аныктайт. Алардын катарына Казакстандын эл аралык форумдарда, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялар менен сүйлөшүүлөрдө кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылуу кирет.
Токаев парламент аппаратынын бир бөлүгүн жана мамлекеттик кеңешчи кызматын жоюуну сунуштады. Ошондой эле президенттик администрациянын түзүмүн жана аны башкаруу системасын реформалоону жарыялады.
«Вице-президент кызматы бир катар өлкөлөрдө бар. Биздин шартта бул кызматты киргизүү мамлекеттик башкаруу процессин турукташтырат жана бийлик иерархиясына акыркы тактык киргизет», — деди Казакстандын президенти.
Ошол эле учурда Токаев бул жаңылык президенттик бийликтин алсырашын билдирбесин баса белгиледи.
«Президент кызматы мамлекеттик системада башкы бойдон калат. Казакстан президенттик республика катары ийгиликтүү өнүгөт деп ишенем. Өзүн актаган бул саясий системадан баш тартууга болбойт», — деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, Токаев Казакстан элинин Ассамблеясынын функцияларын өзүнө ала турган Элдик кеңеш түзүүнү тапшырды. Кеңештин курамына өлкөнүн «бардык этносторун, калк топторун жана аймактарын» өкүлчүлүк кылган 126 адам кирет. Элдик кеңештин бардык мүчөлөрү президент тарабынан дайындалат, ал эми төрагасы мүчөлөрүнүн арасынан шайланат.
Ошондой эле ал келечектеги бир палаталуу парламентти Курултай деп атоону сунуштады.
Токаев сунушталган реформалар Казакстандын өнүгүшүнө «кубаттуу түрткү берет» жана «заманбап чакырыктарга даярдыгын күчөтөт» деген ишенимин билдирди.
Конституциялык референдумдун датасы Конституциялык комиссиянын иши аяктагандан кийин аныкталат. Токаевдин айтымында, алгач 2025-жылдын сентябрында сунушталган парламенттик реформа алкагында Конституциянын болжол менен 40 беренесине өзгөртүү киргизүү пландалган.
«Бирок иштин жүрүшүндө өзгөртүүлөрдүн саны кыйла көп болору аныкталды. Билгениңиздердей, 2022-жылдагы реформада Конституциянын 33 беренеси жаңыртылган. Ал эми азыркы өзгөртүүлөр мындан да масштабдуу. Биз, негизинен, жаңы Конституцияны кабыл алуу кадамын жасоону көздөп жатабыз. Ошондуктан мен Конституциялык комиссия түзүүнү чечтим. Эртең, 21-январда, тиешелүү жарлыкка кол коём», — деди ал жана комиссиянын курамына 100дөн ашуун жаран кирерин кошумчалады.



















