Казакстан-Азербайжан деңиз күчтөрүнүн биргелешкен “Каспий бризи – 2025” машыгууларына даярдыктын алкагында Казакстандын деңиз борборунда Азербайжандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен штабдык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Бул тууралуу эки мамлекеттин аскер-деңиз күчтөрүнүн штаб башчылары макулдашканын республиканын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып Sputnik агенттиги жазды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары, 1-рангдагы капитан Канат Ниязбеков менен Азербайжандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги, 1-рангдагы капитан Теймур Муршудов алдыдагы машыгуулардын чоо-жайын талкуулашты.
Машыгуулар Каспий деңизинин казак секторунда өтөт.
Билдирүүгө караганда, Азербайжандан эки кайгуул кемеси, жардамчы кеме жана жээк бөлүмдөрү келет.
Кораблдер келгенден кийин машыгуулардын планы жана карталардагы эпизоддордун деталдары такталат. Ошондой эле “Салгылашуу операцияларын жүргүзүү” баскычы милдеттерди комплекстүү иштеп чыгууну камтыйт.
Коргоо министрлигинин маалыматынын сценарийи боюнча, кемелерди жайгаштыруу жана деңизден өтүү учурунда кемелердин биргелешкен навигациясынын элементтерин ишке ашыруу кирет.
Мындан тышкары, моряктар ассимметриялык коркунучтарды четке кагууну жана кырсыкка учураган учактарга жана кемелерге жардам көрсөтүүнү камсыздоо да каралган.
Ошол эле учурда жандуу ок атуучу машыгуулары деңиз жана абадагы буталарда дагы өткөрүлөт.
Машыгуулардын датасы азырынча айтыла элек.



















