Бүгүн БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы (УВКБ) 2025-жылы болжол менен 11,6 миллион качкын жана мажбурлап көчүрүлгөн адамдар гуманитардык жардамдан ажырап калуу коркунучунда экенин жарыялады.
Caliber.Az маалымдагандай, УВКБнын жаңы баяндамасына ылайык, агенттик 1,4 миллиард долларга жеткен каржылоонун тартыштыгына туш болду. Бул 50 мамлекеттеги негизги программаларга коркунуч жаратат.
Аялдар менен балдар эң катуу жабыркады. Тагыраагы, Түштүк Суданда коопсуз жайлардын 75%ы жабылды, ал эми Бангладештеги рохинжа качкындар лагеринде 230 миң бала үчүн билим берүү токтотулду. Ливанда агенттиктин медициналык программасы толугу менен жабылып калуу коркунучунда турат.
Каржылоонун азайышы ошондой эле качкындарды кайра жайгаштыруу, укуктук коргоо жана башпаанек берүү процесстерине да тоскоол болууда. Колумбия, Мексика жана Эквадор сыяктуу өлкөлөрдө качкындардын юридикалык статусунун жоктугу аларды эксплуатацияга дуушар кылууда.
Дүйнөдө гуманитардык муктаждыктар өсүп жаткан шартта, УВКБ эл аралык коомчулукту каржылоону көбөйтүүгө чакырууда. Уюм жалпы 10,6 миллиард доллар сураган, бирок азыркы тапта анын болгону 23%ы гана чогултулган.



















