Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында орун алган «Каракол» эл аралык аэропортунда эл аралык талаптарга жооп бере турган аэробекет жана учуп-конуу тилкеси курулууда.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, «Каракол» эл аралык аэропорту саякатчылар жана коноктор үчүн ыңгайлуу, заманбап дизайн, алдыңкы технологиялар менен жабдыланган, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу эл аралык аэропорт болот.
Учурда учуп-конуу тилкесинин 2400 метр аянт жери асфальт-бетон төшөө иштерине даяр болууда. Аэробекеттин темир конструкциясы тургузулуп, учурда аны бекемдөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле, аэропорттун долбооруна өзгөртүүлөр дагы киргизилүүдө.
Тагыраагы «Каракол» аэропортунун учуп-конуу тилкесин 3750 метрге узартылмакчы, анткени азыркы маалда авиацияда кеңири колдонулуп жаткан Airbus А320, Airbus А321, Boeing 737 учактарын түнү-күнү кабыл ала тургандай шарттар түзөлмөкчү.
«Каракол» эл аралык аэропорту курулуп бүтсө, саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлей алат. Аэропорттун учуп-конуу тилкеси деңиз денгээлинен 1704 метр бийиктикте орун алган, ал эми аэропорт 1978-жылы курулган.